ЖАПАРОВ: «БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан өтпөй калган партияларда ишенбөөчүлүк пайда болду»

ЖАПАРОВ: «БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан өтпөй калган партияларда ишенбөөчүлүк пайда болду»
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болуп өттү. Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШК сайты эмнегедир эки жолу иштебей калып,  шайлоонун таза өтүшүнөн күнөм саноо, күдүк ойлор, шек саноо күчөп, БШКга ишенбестик өстү… Бир катар партиялар муну «көз боёмочулук» деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышууда…

Садыр ЖАПАРОВ: «Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз! УКМК териштирүү иштерин баштады»

Президент Садыр Жапаров да, БШК да система адис катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир бербегенин билдирип жатышат. Президент Боршайкомдун майда-чүйдө катасынан, айрыкча, парламентке өтпөй калган партиялардын ишенбөөчүлүгүн пайда кылганын, бузулуунун чоо-жайын УКМК териштирип жатканын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Ажонун анализи толугу менен төмөндө:
Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу шайлоого катышкан партиялардын жетекчилери!
Шайлоо эң жакшы келе жатып эле болбогон жерден, БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан, айрыкча, өтпөй калган партиялар тарабынан ишенбөөчүлүк пайда болду. БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык. Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. Кол менен санакка активдүү катышкыла. Санактар бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коебуз.
Кимдер кааласа, каалаган участокторун кайсы убакта болбосун ачып, санап алышса болот.
Ал эми мага акаарат айтып, сөгүп-сагып, атама чейин сөз тийгизип, ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткан аттуу-баштуу эле, Кудайга ишенем деп, дин жолунда жүрүшкөн жарандарыма айтаарым:
Урматтуу жарандарым!
Мен дагы Кудайга ишенген адаммын. Ооба. Атам өмүр бою Кудай жолунда жүргөн инсан болгон. “Калыс бол, туура эмес жолго түшпө, куран окуганды үйрөн, намаз оку”, — деп, 8-классымдан баштап куран үйрөткөн адам болгон. Кудайым бейишинен берсин. Атамды тынч койгула.
Бийлик тарап, шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсок, БШКнын ишине да дал ошондой кийлигишкен жокпуз. Болгону эки талап койдук. Адилеттүү жана мыйзамдуу иштегиле деп.
БШК тараптан дагы добуштарды бурмалоо болгон жок жана болбойт дагы. Ооба, БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Бирок, добуштарды саноонун жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок.
Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу? Балким, “мен ушундай кылып силерге митингге чыкканга шылтоо жасап берем” деп, алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгын УКМК өзү билдирет.
Эске сала кетсек, 28-ноябрда шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШК сайты эмнегедир эки жолу иштебей калган. Биринчисинде — партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчисинде — АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан newess.shailoo.gov.kg сайты жабылып калган. БШКнын мындай шалаакы, жоопкерчиликсиз мамилесинен улам, шайлоонун таза өткөнүнөн шайлоочулар да, айрым талапкерлер да күмөн санап калышты…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

4 thoughts on “ЖАПАРОВ: «БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан өтпөй калган партияларда ишенбөөчүлүк пайда болду»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.