ВИДЕО — “Телефон УКМКнын жанында” деген маалыматты УКМК четке какты. Текебаев телефонун сурады…

ВИДЕО — “Телефон УКМКнын жанында” деген маалыматты УКМК четке какты. Текебаев телефонун сурады…

УКМК «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга атайын кызматтын тиешеси жоктугун, жоголгон телефону “УКМКнын жанында” деген маалымат жалгандыгын билдирип, саясатчыларды, алардын тарапташтарын чагымчыл аракеттерге барбоого чакырды.

Буга чейин адвокат Канат Хасанов Текебаевдин телефону УКМКнын жанында экенин көрсөтүп жатканын «Фейсбукка» жазган эле…

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-декабрда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкектеги Park Hotel мейманканасынан кол салуу болду.

Өмүрбек Текебаевдин сөзүнө караганда, үч кичи автобус менен келген 70ке жакын жигиттердин үчөө ур-токмокко алып, телефонун, көз айнегин алып кетишкен.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Жигиттер, телефонумду алып келип бергиле! Ал жакта апамдын акыркы сүрөттөрү бар»

Камчыбек Ташиев Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракесине катышып, апасынын сөзүн айтты эле…

P.S. Президент Садыр Жапаров бул окуяны тыкыр иликтеп чыгып, ага чара көрүүнү ИИМге тапшырган. ИИМ кол салгандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Өмүрбек Текебаевге кимдер кол салганы азырынча белгисиз. Эртең табылып калаар…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.