ВИДЕО — Жапаров Текебаевге кол көтөрүү боюнча окуяны тыкыр иликтеп, чара көрүүнү тапшырды

ВИДЕО — Жапаров Текебаевге кол көтөрүү боюнча окуяны тыкыр иликтеп, чара көрүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров «Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол көтөрүү боюнча окуяны тыкыр иликтеп, чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Президент Садыр Жапаровго “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча маалымат жеткирилди. Мамлекет башчысы өлкөнүн Ички иштер министрлигине бул факты боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну, Өмүрбек Текебаевге карата орун алган аракеттерди жасаган адамдарды аныктоо максатында тыкыр ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле, болгон окуяда аны айрым күчтөр өз максаттарына колдонууга аракет кылып жатканын жокко чыгарууга болбойт.

Белгилей кетсек, ар бир жаран макамына жана ээлеген абалына карабастан укук коргоо органдарынан өз укуктарын жана эркиндигин коргоону талап кылууга акысы бар.
ИИМ өз кезегинде коомдогу жана мамлекеттеги тартип менен мыйзамдуулукту коргоо боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө милдеттүү.

ИИМ: «Текебаевге кол салгандарды аныктоо иш-чарасы жүргүзүлүп жатат»

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бул кылмыштын бетин ачууну ички иштер министри Улан Ниязбеков жеке көзөмөлүнө алган. Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Өмүрбек Чиркешовичке кол салуу боюнча кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн бардык жагдайлар текшерилип, шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана алардын изин суутпай тез кармоо үчүн зарыл болгон бардык масштабдуу ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатыптыр.

Текебаевге кокусунан кол салган ээнбаштар…

Бүгүн, 1-декабрда, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге капысынан кол салуу болду. ИИМ бул ВИДЕОдо кол көтөргөн бейбашты ачуу үнүнөн, кийиминен, жүзүнөн таанып, бат эле тапса болот… Укук коргоо органдардагы адамдын кимдигин фото, видео боюнча оперативдүү тастыктап, тактаган адистер үчүн, эгер чындап аракеттер көрүлсө, кыска убакыттагы эле иш экени маалым…

Өмүрбек Чиркешович өзүнө кол салуу кайсы жерде болгонун журналисттерге бул видеосунда айтып берген:

Өмүрбек Текебаев 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барган. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, аны жокко чыгарууну талап кылууда…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “ВИДЕО — Жапаров Текебаевге кол көтөрүү боюнча окуяны тыкыр иликтеп, чара көрүүнү тапшырды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.