Айтылуу төкмө акын Эстебес Турсуналиев 4-декабрда эскерилет. Ата-энеси, үй-бүлөсү тууралуу архивдеги маеги

Айтылуу төкмө акын Эстебес Турсуналиев 4-декабрда эскерилет. Ата-энеси, үй-бүлөсү тууралуу архивдеги маеги
Эсен болуп, эстей жүр!
СССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган иш-чаралар ушул жылдын июнь айында башталган. 20-июнда, төкмө акындардын айтышы Улуттук филармонияда болуп өткөн. Ушул эле жерде 4-декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маркумду эскергени турат.
Башталышы саат 16:00. Кирүү акысыз.
Эстебес Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Ал 1931-жылы 5-майда Таластын Манас районундагы Кара-Арча (Арал) айылында чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн. 9 жашында комуз чертип, 12 жашында элдик ырларды ырдап баштаган. «Андалек» ырын 14 жашында жазган. Улуттук филармонияда 60 жылдан ашуун эмгектенген. Ал жерде “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобун негиздеп, бир топ таланттуу адамдарды тарбиялап чыгарган.
«Акындын үнү», «Айтыштар», «Заман жарчысы», «Эскерүүлөр», «Ыр өмүрүм”, «Кайыңды» аттуу китептери жарыкка чыккан. 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында каза болгон.
Эстебес атабыз 2005-жылы үй-бүлөсү, ата-энеси тууралуу айтып берген маегин архивден таап алдык… Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.