Бүгүн БШК бир мандаттуу шайлоо округдарынан чыккан талапкерлердин үнүн угат. Жолугушуу саат 14.00дө башталат.

Бүгүн БШК бир мандаттуу шайлоо округдарынан чыккан талапкерлердин үнүн угат. Жолугушуу саат 14.00дө башталат.

Бүгүн, 2-декабрда бир мандаттуу шайлоо округдарынан чыккан талапкерлер БШК, Коопсуздук кеңеш жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушат. Кызуу талкуу саат 14.00дө башталат. 

Балээнин баары АСУдан башталды…

Эске сала кетсек, 28-ноябрда шайлоо тилкелери жабылгандан кийин, БШК сайты эмнегедир эки жолу иштебей калган. Биринчисинде — партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчисинде — АСУдан (автоматтык эсептөө урна) түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан newess.shailoo.gov.kg сайты жабылып калган. Бир катар партиялар да, шайлоочулар да муну «көз боёмочулук» деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышууда…

Таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз…

Кыскасы, БШК да, бийлик да, чынында, эмне болгонун түшүндүрө албай жатат. Шайлоону өткөрүүгө кыйыр да, түз да катышы бар “кызмат адамдарынын” ар кыл дөдөмөл-божомол, жоромолду айтып чыккандары бурмалоолордон шек саноону арбытты. Маселен, Шайлдабекова алгач башында: “Ар бир урнада шайлоочулар добушун санаган программалаштырылган система бар. Ал абдан көп маалыматты камтыйт. Сайтка алгач башка программаны жүктөп алышыптыр” деген жүйөнү айтып чыкты. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “болжол менен 20 өлкөдөн жасалган хакерлердин чабуулу экен, эксперттер айтышты, сервер коргоосу мыктылыгынан эле аман калыптыр” деп чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары (азыркылардын кызматтарын айта берип тил сына турган болду) Эдил Байсалов: “Кайдагы хакерлер?! үзгүлтүк да болгон жок. Сервер да, система да кадимки шартта иштеп жатты. Жарыя кылуу таблицалардын бириндеги формуладагы болбогон катачылык” деп Twitterдеги баракчасына жазды. Кийин башкасын айтып чыкты…

Кыскасы, таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз…

И баса…

Президент Садыр Жапаров, БШК (Борбордук шайлоо комиссия) система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир бербегенин билдирип жатышат. Президент Боршайкомдун майда-чүйдө катасынан, айрыкча, парламентке өтпөй калган партиялардын ишенбөөчүлүгүн пайда кылганын, БШКдагы сервердин бузулуунун чоо-жайын УКМК териштирип жатканын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирген.
Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.
УКМК да адистин катасынан кеткенин билдирген.

Кайсы партиялар алдыда келатат?

Парламенттик шайлоодогу добуштардын 61,23 пайызын кол менен саналып бүткөнүн бүгүн, 2-декабрда newess.shailoo.gov.kg порталы маалымдады. Азырынча 5 пайыздык чектен өткөн 6 партия алдыда:

1. «Ата-Журт Кыргызстан»— 15.86 пайыз;

2. «Ишеним» — 13.34 пайыз;

3. «Ынтымак» — 12.61 пайыз;

4. «Ыйман нуру»— 6.88 пайыз;

5. «Альянс» — 7.41 пайыз;

6. «Бүтүн Кыргызстан» — 6.27 пайыз.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.