ВИДЕО — Келдибеков БШК сервериндеги маалыматка ишенгенин айтты. Мурдагы сөзүнөн эмнеге кайтты?..

ВИДЕО — Келдибеков БШК сервериндеги маалыматка ишенгенин айтты. Мурдагы сөзүнөн эмнеге кайтты?..

28-октябрдагы парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынан катышкан талапкер, экс-спикер Акматбек Келдибеков БШК сервериндеги маалыматка ишенгенин бүгүн, 2-декабрда, билдирди.

Ушул күнү аны УКМК суракка чакырганы кабарланган. Жалпысынан 5 саат суракка алынган. Көрсө, ага санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев жана БШК адистери сервердин кантип иштерин түшүндүрүп, көрсөтүп беришиптир. 5 саат «ликбез по АСУ» үчүн керектелдиби же башка да сөздөр болдубу, ал боюнча толугураак маалымат азырынча жок…

Кыскасы, сурактан чыккандан кийин Келдибеков жогорку маселени эки сааттан ашуун талкуулашканын, ал жерде сумманы чыгарууда БШК адистери кетирген жөнөкөй ката далилденгенин, андыктан БШК сервериндеги маалыматка ишенгенин журналисттерге билдирди.

Эми суроо. Сервердин чала ишине нааразы жалгыз Келдибеков эле эмес, министр Догоев, БШК адистери «чуулгандуу сервердин» «киши колдуу» болгон арсар ишине нааразы башка партия лидерлерине, партиялардагы жана бир мандаттуу талапкерлерге, бардык шайлоочуларга — жалпы баарыбызга эмнеге түшүндүрүшкөн жок? Эмнеге Келдибековду УКМКга суракка чакырып алып жалгыз түшүндүрүшөт?..

Эске салсак, суракка чейин Акматбек Келдибеков шайлоо таза өтпөгөнүн айтып, «үч күндүн ичинде бийлик кайра шайлоо өткөрүшү керек!» деген эле…

Балээнин баары АСУдан башталды…

Эске сала кетсек, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин, БШК сайты эмнегедир эки жолу иштебей калган. Биринчисинде — партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчисинде — АСУдан (автоматтык эсептөө урна) түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан newess.shailoo.gov.kg сайты жабылып калган. Бир катар партиялар да, шайлоочулар да муну «көз боёмочулук» деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышууда…
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кечээ, 1-ноябрда, партия лидерлери менен жолугушуп, алардын ага болгон бардык нааразычылыктарын угуп, аябай эле тил уккан… Адатынча баарын түшүндүрүүгө аракет кылды, бирок, окшошпой да, чындыкка коошпой да койду да…
Бүгүн, 2-декабрда, парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдардан катышып, БШКнын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон 7 облустагы талапкерлер БШКга чогулуп, нааразычылыктарын тизмелеп айтып беришти…
Жыйынтык кандай болот, убакыт көрсөтөт… Кыязы, бийлик да, БШК да «шайлоо өттү, болгондо да таза өттү» дегенди кандай болгон күндө да таңуулагысы келип жаткандай туюлат…

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.