ВИДЕО — Өмүрбек Текебаевге кол салган топтун бири кармалып, телефонун кайрып берди

ВИДЕО — Өмүрбек Текебаевге кол салган топтун бири кармалып, телефонун кайрып берди

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салган балдардын бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кол салуу фактысы боюнча, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө, издөө жүрүшүндө, Чүй облусунун 1998-жылы туулган тургуну Э.Ы. кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал Ө.Текебаевге тиешелүү уюлдук телефонду өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Ушуну менен эле милиция токтоп калган жок. Башка айыпталуучуларды аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралары уланууда.

Эске сала кетсек, кечээ, 1-декабрда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкектеги Park Hotel мейманканасынан кол салуу болгон. Өмүрбек Чиркешовичтин сөзүнө караганда, үч кичи автобус менен келген 70ке жакын жигиттердин үчөө ур-токмокко алып, телефонун, көз айнегин алып кетишкен.

Белгилей кетсек, кечээ кечинде президент Садыр Жапаров бул окуяны тыкыр иликтеп чыгып, ага чара көрүүнү ИИМге тапшырган. ИИМ кол салгандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

УКМК болсо Өмүрбек Текебаевге кол салууга атайын кызматтын тиешеси жоктугун, жоголгон телефону “УКМКнын жанында” деген маалымат жалгандыгын билдирип, саясатчыларды, алардын тарапташтарын чагымчыл аракеттерге барбоого чакырган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Өмүрбек Текебаев 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барган. Ал жана башка партиянын жетекчилери, шайлоочулар шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, аны жокко чыгарууну талап кылышууда… Алар кечээ, 1-ноябрда БШКнын жыйынына катышып, «БШК шайлоодогу мыйзам бузууларга көз жумду» деп БШКнын кетирген кемчиликтерин айтышты.

Бүгүн, 2-декабрда, саат 14:00до бир мандаттуу округдан ат салышкан талапкерлер БШКнын жыйынына катышышат.

 

One thought on “ВИДЕО — Өмүрбек Текебаевге кол салган топтун бири кармалып, телефонун кайрып берди

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.