ВИДЕО — Тынчтыкбек ШАЙНАЗАРОВ: «Бир мандаттуу округдагы айрым талапкерлердин арызы БШКда каралат»

ВИДЕО — Тынчтыкбек ШАЙНАЗАРОВ: «Бир мандаттуу округдагы айрым талапкерлердин арызы БШКда каралат»

Бүгүн, 2-декабрда, парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдардан катышып, БШКнын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон 7 облустагы талапкерлер БШКга чогулуп, нааразычылыктарын тизмелеп айтып беришти. Алардын арыз-даттанууларын, дооматтарын БШК төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров, БШК мүчөсү Искендер Гайыпкуловдор угушту. Талапкерлердин дээрлик бардыгы үгүт учурунда да, шайлоо күнү да добуш сатып алуу, адам ташуу ж.б. эски адат-көрүнүштөр кайталанганын баса белгилешти.

Болотбек ДҮЙШӨНАЛИЕВ: «Мен АШКсына да, БШКсына нааразымын»

№19 бир мандаттуу Токтогул  шайлоо округунан талапкер Дүйшөналиев Болотбек: «Кыргыз элим, түз эле кайрылгым келет, биз 5-октябрда да чыкканбыз, люстрация болот, тазаланат депчи. Тилекке каршы, түз эле айткым келет, машиналар алмашып атат, дөңгөлөктөр алмашып атат, бирок водитель алмашкан жок да. Дал ушул БШКнын төрайымы Шайлдабекова өзү алмашкан жок… Бул бир маселе. Андан кийин президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров айтты, «Мына элдин колуна бердик» деп… №19 округдан талапкер болуп катталдым, уникалдуу талапкер болдум десем жаңылышпайм. Анткени жонума желекти сайып алып, карандай терим менен 4 миң добуш алдым. Андан кийин Жогорку Кеңештин эки депутаты болду, бири — Нурбек Тотонов, бири Осмон Турдумамбетов деген. Камчыбек Кыдыршаевичтин досу 7 миң добуш менен утуп алды. Эми биз өзгөрөлү дегенбиз, коомду өзгөртөлү дегенбиз, жаңылайбыз дегенбиз. Биз, жаштар, чыгабызбы дегенбиз, бирок, тилекке каршы, дагы деле байлар, дагы деле баягылар. «Карга карганын көзүн чукубайт», мен ушуну бүгүн түшүндүм. Бүгүн БШК менен 6-чакырылыштын депутаттары мыйзамдарды бири-бирине шайкеш жазып алып, өзгөргөн жок, туугандар. Бир мандаттуу округдан бир дагы жөнөкөй адам уткан жок, бүттүгү байлар утту… Мен АШКсына да, БШКсына нааразымын. Анткени, бир туугандар, эч нерсени камсыз кылып берип берген жок. АШКсына барсаң, ушул эле, окутулган да эмес, же жакшынакай сүйлөй алышпайт. Эч нерсени камсыз кылып бере алган жок» …башка да олуттуу, жүйөлүү көп маселени козгоп, мурда кармап алгандай бурмалоолор кайра кайталанып, кайра кармап алып, далили менен көрсөтүшсө да АШКсы, башкасы да реакция кылбай койгонуна нааразылыгын катуу айтты.  «Эскилер келип, ошолор менен эле кайра күрөшүп, кайра эле — саясий кризис, экономикалык кризис; өнүгүү болбойт, ошондуктан кайра баштан шайлоо өткөрүш керек деп өзүмдүн сунушумду берем» деп маселени кабыргасынан койду…

Талапкерлердин бири Нурбек Токтакунов АСУда (автоматтык эсептөө урна), добуштарды эсептөө системасындагы бузулуу добуш берүүнүн жыйынтыгына шек жаратып койду деди.

Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ: «Таласта кайра шайлоо өтүшү керек! Себеби…»

№21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкердин бири Төрөкан Жунусбеков шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болгонун, анын атаандаштарынын бири Бактыбек Чойбеков тарабынан массалык добуш сатып алуулар болгонун, ал боюнча арызын милиция карабай койгонун, мыйзам бузгандарга эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтты.

Талас шайлоо округунан чыккан дагы бир талапкер Айбек Бузурманкулов Таласта таза шайлоо болгон жок деди. Шайлоо жүрүшү жана жыйынтыгы менен макул эместигин, кайра шайлоо өтүшү керектигин айтып, себебин түшүндүрдү. Ал дагы талапкер Бактыбек Чойбеков добуштарды сатып алганын белгиледи. Бул факт боюнча алдын ала Талас ОИИБге, УКМКга билдиргенин, алар шалаакы мамиле кылып, мыйзам бузууларга жол берип коюшканына нааразы болду. Мындай фактыны 5 талапкер (өзүнөн башка талапкерлер: Эмилбек Абдыкадыров, Төрөкан Жунусбеков, Муктарбек Айтигулов, Эсен Сариев тууралуу сөз болууда — авт.) да тастыктап берерин кошумчалады.

Жыйын жүрүшү боюнча протокол жазган жооптуусу бардыр, айтор, биз жыйын башталгандан талапкерлердин айткандарынын баарын дептерине белгилеп отурган БШК төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров талапкерлердин айткандарын жазып алып, «Бул добуштардын акыркысы эмес,  АСУдагы (автоматтык эсептөө урна) баштапкы гана көрсөткүч. Дагы деле добуштар кол менен саналып жатат, күтө туралы» деп, алардын доомат-арыздары БШКда карала турганын билдирди…

Чындап мыйзам иштесе, оң жакка чечилип калар. Анткени президент Садыр Жапаров: «Добуш сатып алгандар да, добушун саткандар да жоопко тартылат!» деген!

Таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз…

Эске сала кетсек, 28-ноябрда парламенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин, БШК сайты эмнегедир ошол күнү эки жолу, кийин да иштебей калган. Биринчисинде — партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчисинде — АСУдан (автоматтык эсептөө урна) түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан newess.shailoo.gov.kg сайты жабылып калган.
Бир катар партиялар да, бир мандаттуу округдагы айрым талапкерлер да, шайлоочулар да муну «көз боёмочулук» деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышууда…
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кечээ, 1-ноябрда партиянын лидерлери менен жолугушуп, алардын ага болгон нааразычылыктарын угуп, аябай тил уккан… Баарын түшүндүрүүгө аракет кылды, бирок, окшошпой койду.
Кыскасы, БШК да, бийлик да, чынында, эмне болгонун түшүндүрө албай жатат. Шайлоону өткөрүүгө кыйыр да, түз да катышы бар “кызмат адамдарынын” ар кыл дөдөмөл-божомол, жоромолду айтып чыккандары бурмалоолордон шек саноону арбытты. Маселен, Шайлдабекова алгач башында: “Ар бир урнада шайлоочулар добушун санаган программалаштырылган система бар. Ал абдан көп маалыматты камтыйт. Сайтка алгач башка программаны жүктөп алышыптыр” деген жүйөнү айтып чыкты. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “болжол менен 20 өлкөдөн жасалган хакерлердин чабуулу экен, эксперттер айтышты, сервер коргоосу мыктылыгынан эле аман калыптыр” деп чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары (азыркылардын кызматтарын айта берип тил сына турган болду) Эдил Байсалов: “Кайдагы хакерлер?! үзгүлтүк да болгон жок. Сервер да, система да кадимки шартта иштеп жатты. Жарыя кылуу таблицалардын бириндеги формуладагы болбогон катачылык” деп Twitterдеги баракчасына жазды. Кийин башкасын айтып чыкты…

Кыскасы, таза шайлоо менен ааламды таң калтыра алган жокпуз…

АСУ эмес, адис күнөөлүү экен…

Президент Садыр Жапаров, БШК (Борбордук шайлоо комиссия) система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир бербегенин билдирип жатышат. Президент Боршайкомдун майда-чүйдө катасынан, айрыкча, парламентке өтпөй калган партиялардын ишенбөөчүлүгүн пайда кылганын, БШКдагы сервердин бузулуунун чоо-жайын УКМК териштирип жатканын «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирген.
Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.
УКМК да адистин катасынан кеткенин билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — Тынчтыкбек ШАЙНАЗАРОВ: «Бир мандаттуу округдагы айрым талапкерлердин арызы БШКда каралат»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.