ВИДЕО — Жогорку соттун төрайымы Бакирова 7 жаштагы кыздын каалаган белегин алып берип кубантты

ВИДЕО — Жогорку соттун төрайымы Бакирова 7 жаштагы кыздын каалаган белегин алып берип кубантты

Бүгүн, 3-декабрь — Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү. Ушул күнгө карата жергиликтүү соттор кайрымдуулук иштерин жасашууда. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова жеке өзү кайрымдуулук иштерин көп жасаарын, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары дагы аймактарда кайрымдуулук иштерин байма-бай өткөрүп тураарын билдирген. Ал бүгүн орун басарлары Качыке Эсенканов, Нургүл Асанова, Айнаш Токбаева менен биргеликте  Бишкектеги Биринчи май районундагы Калыс-Ордо конушунун 7 жашар тургуну Г.С. аттуу кызга жардам көрсөтүштү. Апасынын суранычы менен кызына керебет, азык-түлүк алып берген. Эне мээримине бөлөнүп өскөн балдар өзгөчө, жан дүйнөсү таза болоорун баса белгилеп, 6 баланын энесине ден соолук, кайраттуулук, сабырдуулук каалады.

Кубанган эне кызынын ден-соолугунан кабар алып жаткандыгы үчүн төрайымга терең ыраазычылык билдирип, кызынын көптөн бери эңсеп жүргөн керебети Жаңы жыл алдындагы өзгөчө белек болгондугун айтты. Кызы көп жылдан бери азиз жана аутизм илдети менен жабыркап келе жаткандыгын билдирди. Н.Бакирова мындан ары дагы жардам көрсөтүп тураарын айтып, эне-балага бекем  ден-соолук, узак өмүр каалады.

Ошондой эле, Н.Бакирова Жогорку соттун Профсоюз комитетинин көмөктөшүүсү менен сот тутумунун аппарат кызматкерине дагы жардам берди.

Белгилей кетсек, 3-декабрь — Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүн белгилөө Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) генералдык ассамблеясы тарабынан демилгеленген. Алар 1992-жылдагы резолюциясы менен 3-декабрды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү деп жарыялаган. Алардын укугун коргогон конвенцияны БУУнун Генералдык ассамблеясы 2006-жылы декабрда кабыл алган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.