Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА: «Аяндуу да, баяндуу да жолуңда “Манас” сени, сен “Манасты” көтөргөн…»

Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА: «Аяндуу да, баяндуу да жолуңда “Манас” сени, сен “Манасты” көтөргөн…»
Бүгүн, 4- декабрда, “Манас” эпосунун күнүнө карата “Манас айтсак кулак бүтөт ташка дагы, Манасчылар өнөргө бай башка дагы” аттуу иш- чара өтөт. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында саат 11:00дө башталат. Кирүү акысыз.
Салтанаттуу иш- чара КРнын эмгек сиңирген артисти, “Даңк” медалынын ээси, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгына жана КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, Эл аралык Манас таануучулар ассоциясынын президенти, манасчы Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына арналат.
Рецензенттер — филология илимдеринин доктору, профессор, акын Аида Эгембердиева «Не десем да жарашаар» аталышта жолдошуна арнап ыр жазганын «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Ал төмөндө:
НЕ ДЕСЕМ ДА ЖАРАШААР…
(Талантаалыга)
Туруп таңдан күндө амандык сураган,
Ичин ичтей, тышын тыштай кынаган.
Сенден улам эр киши үчүн бүлөдө,
Үйдө ырыскы токтооруна ынанам.
Гүлүң гүлдөйт кыш-жай, короо, үйдө анан,
Бирин билбейт түйшүгүңдү туйбаган.
Эң бир кылдат түзгөн көркөм дүйнөңдүн
Арналганын билем жалгыз бир маган.
Тагдырыма табылган бир белексиң,
Ордуң башка, өмүрүмө керексиң.
Не тапканым таразага салынса,
Ташы зылдай боло турган желексиң.
Чабуулдайсың Чаткал калып, Ош калып,
Тияк башы Алтай, Тыва, хакастар.
Кетсең кайра келгениңче бош калып,
Түздөп кеткен тирлигибиз чаташкан.
Тагдырыңда “Манас”, мекен, эл-жер бар,
Жүрөгүңдөн сууруп алып салалгыс.
Барын сүйүп миң бөлүнгөн дүйнөңдүн,
А биз болсо өзүң менен караанбыз!
Баары кымбат сенде болгон нерсенин,
Маани берип биле албайт го Күн өзүн:
Өзү түшүп келсе дагы пайгамбар,
Өз оюңду бербей турган мүнөзүң.
Жана дагы сенде болгон изгилик,
Кылып, бирок кайтарымын күтпөгөн.
“Солк” этпестей түр көрсөтүп, а бирок
Келип эле дос-тууганга түтпөгөн.
Деп ойлоймун анан дагы өзүңдө
Акыйкаттын болсо керек бир учу.
Жалгандыкты жанга жуутпас сөзүңдөн,
Жаман-жуман жандар жалкып туруучу.
Не десем да бир өзүңө жарашаар,
Кутсуң биздин бүлөгө эмес, бүт элге –
Аяндуу да, баяндуу да жолуңда
“Манас” сени, сен “Манасты” көтөргөн…
Туруп таңдан күндө амандык сураган,
Ичин ичтей, тышын тыштай кынаган.
Сенден улам эр киши үчүн бүлөдө,
Үйдө ырыскы токтооруна ынанам.
Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.