ВИДЕО — Бүгүн милиция кызматкерлери мал базарын кыдырды. Эмнеге?

ВИДЕО — Бүгүн милиция кызматкерлери мал базарын кыдырды. Эмнеге?
Жыл башынан бери Талас облусунда мал уурулук боюнча 33 факты катталган. Бул тууралуу Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Талас облусунда мал уурулуктун алдын алып, ага бөгөт коюу максатта текшерүү иштери жүрүп жатат. Бүгүн Талас шаарынын чет жакасында жайгашкан мал базарда милиция кызматкерлери көчмө кабылдама менен иш алып барышты. Алар мал сатуучуларга тиешелүү тактамалар, мал ээликтерин тастыктаган документтер менен кошо сатуу керектигин айтып, мал алып саткан ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Андан тышкары, уурдалган малдарды аныктап табуу максатта багыттамалар көрсөтүлүп иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Себеби, көп эле учурларда жарандар мал алып сатууда ээсин тактабастан, ветеринардык кызматтын кагаздары жок оозеки түрдө сүйлөшүүлөр менен сатып алышат. Кээ бир учурларда билбегендиктен уурдалган малды сатып алышкан болот. Андай учурларда ыкчам кызматкерлер текшерүү жүргүзүп, мал уурулукка шектүүнү аныктоо максатында иликтөө жүргүзүп, кылмыштуулуктун белгилери аныкталган учурда шектүүнү жоопко тартуу үчүн иштерди аткарат.
Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.