Эл аралык полициялар Ассоциациясынын Кыргызстандагы президенти Таластагы милициялар жана окуучулар менен жолугушту

Эл аралык полициялар Ассоциациясынын Кыргызстандагы президенти Таластагы милициялар жана окуучулар менен жолугушту

Эл аралык полициялар Ассоциациясынын Кыргызстандагы президенти жана мүчөлөрү Талас облустук милиция кызматкерлери менен жолугушту. Аларды Талас ОИИБнин начальниги Марлис Асанов өзүнүн орун басарлары менен тосуп алышты. Алгач алар улуттук “Манас ордо” комплексине зыяратка барып, куран окушту.

Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 6-декабрда билдирди.

Бул жолугушуунун башкы максаты милиция кызматкерлерине моралдык-психологиялык жактан колдоо көрсөтүү, насаатчылык кылуу жана милиция кызматкерлеринин патриоттук сезимдерин курчутуу.

Ассоциациянын мүчөлөрү бир катар ОИИБнин жетекчилерине жана кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырышты. Талас ОИИБнин ардагери Алтынбек Шербакунов дагы уюмдун «Честь имею!» медалы менен сыйланды. Эл аралык полициялар Ассоциациянын Кыргызстандагы президенти генерал-майор Шейшенбек Байзаков, генерал-майор Мэлс Бекбоев баштаган башка мүчөлөрү сөз сүйлөшүп, анда коомдо милициянын орду абдан чоң жана жооптуу экендигин белгилеп, Мекен үчүн күч аябай, талыкпай ак кызмат өтөөгө чакырып кетишти.

Генералдар өздөрүнүн басып өткөн кызматтык жолдорунан кызыктуу окуяларын сыймыктануу менен эскерип, өздүк курамдын маанайын көтөрүп, духун көтөрүү үчүн бир топ каалоо-тилектери жана идеялары менен бөлүшүштү. Андан соң, генерал-майор Шейшенбек Байзаков баш болгон уюмдун мүчөлөрү Талас ОИИБнин ардагери Баяз Абдылдаевдин үйүнө барышып, ден соолугунан кабар алышып, «Полицейское братство и патриотическое воспитание молодежи» медалын жана ошондой эле өмүрлүк жубайы Жамиля апага уюмдун «Ардак грамотасын» тапшырышты.

Андан сырткары, аталган ассоциациянын өкүлдөрү Бакай-Ата РИИБнин жетекчилери менен биргеликте Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылындагы орто мектепке барышты. Анда, мектеп мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуп, аларга окутуучу ок атуучу куралдар менен окутуучу гранаталарды тапшыруу менен аларды колдонуу эрежелерин да кеңири айтып беришти. Окуучуларга Мекенди сүйүү аны коргоодон башталаарын айтып, ага ар бир эр азамат даяр болуусу керектигин баса белгилешти.

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.