ВИДЕО — Алинин операциясына 90 миң доллар керек! Кайрымдуулук концерттин билетин алыңыздар, туугандар!

ВИДЕО — Алинин операциясына 90 миң доллар керек! Кайрымдуулук концерттин билетин алыңыздар, туугандар!

8 айдан бери ооруканадагы АЛИге тезинен жардам керек!

А.Молдокулов атындагы Инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 2-классынын окуучусу, 8 жаштагы Рустамов Али 8 айдан бери Бишкек шаарындагы Жал кичирайонундагы Эне-баланы коргоо улуттук борборунда дарыланууда. Диагнозу: апластикалык анемия (кызыл сөөк чучукта жаңы кан клеткаларынын жасалып чыгышы азайган анемиянын бир түрү, сейрек кездешүүчү кан оорусу). Апасы Күлүмдүн айтымында, уулуна бул диагноз ушул жылдын 19-майында коюлган. Оору белгилери сасык тумоодон улам ачык байкалып чыккан.  8 айдан бери дарыланып жаткан Али май айында мойнунан операция болгон. 12-сентябрда кайрадан ооруканага  жатып, жаагынан операция болгон. Жакында эле кулагынан операция болду. Абалы оор. Азыр донордук кан менен гана жашоо улап келет. Костный мозгду (кызыл сөөк чучугун)  трансплантациялоо үчүн 90 миң доллар керектелет. Мындай каражат ата-энеде жок болгондуктан, кайрымдуу элибизден жардам сурап кайрылууга аргасыз болушууда…

Күлүм КУРМАНОВА: «Зарыл каражат топтолбой жаткандыктан, кайрымдуулук концерти уюштурулууда»

Али кайратман, тайманбас, эрктүү мүнөз эл жашаган Аксынын кичинекей кулуну, чыдамкай, кайраттуу эли бар Нарын жергесинин жээни. Ата жагындагы, тай жагындагы бул мүнөздөр Алиде да бар… Бирок ийне сайылып жаны кыйналганда кичинекей жүрөктөгү чыдамдуулук да азайып алсырай түшөт…

Күлүм кайрымдуу элден жакшы эле жардамдар болуп жатканын, бирок зарыл каражат топтолбой жаткандыктан, Бишкек шаарындагы 3 миң орундуу Спорт сарайында 19-декабрда кайрымдуулук концертин уюштуруп жатышканын айтты. Билет баасы: 300 сом. 

МУКТАЖ АДАМДЫ КЫЙЫНЧЫЛЫККА КАЛТЫРБАГАН БООРУКЕР, КАЙРЫМДУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМ! «Көп түкүрсө көл болот» дейт, келгиле, 8 жаштагы Алинин өмүрүн сактап калуу үчүн жабыла жардам кылалы!

Анемия бул аз кандуулук экенин баарыбыз билебиз. Аз кандуулуктун көп учурлары темирдин жетишсиздигинен келип чыгат жана оңой эле айыктырууга болот. Бирок апластикалык анемия темирдин жетишсиздигинен эмес, кызыл сөөк чучугунун жогоруда айтып кеткен көйгөйүнөн башталат… ага сөзсүз операция керектелет…

Кыргыз журту эч качан жаш балдарга кайдыгер караган эмес. Жүрөктү тыңшап, акыл калчап, 100, 200, 500, 1000 сом болобу, колдон келген жардамыбызды аябайлы! Жок дегенде билет сатып алыңыздар.

Али: «Жашагым келет»

Али балалыктын таттуу күндөрүн курдаштарынын арасында өткөрүп, баягыдай ооруну билбей балдар менен ойногусу, мектепте окугусу келетБаарын сагынды«Жашагым келет» деп жакшы адамдардын жардамына үмүт артып жашап келет…

Жашоодон үмүт үзбөй, оорусу менен чыдамдуулук, сабырдуулук менен күрөшүп келаткан Алиге жардам кылалы, кыргыз элим!

Байланыш телефону: 0702 303 135. Күлүм Курманова — Алинин апасы.

ЭлСом: 0702 303 135.

ЭлКарт: 9417039448892220

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.