АДВОКАТ: «Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун укугу бузулууда. Себеби…»

АДВОКАТ: «Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековдун укугу бузулууда. Себеби…»

«Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Акбөкөн Таштанбековдун адвокаты Жылдыз Касаналиеванын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин укугу бузулган. Мындай пикирин ал «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, соцтармактарга тараган видео эски, үч жыл мурда тартылган. Ошол жылы социалдык тармакка тарап, бул ишти УКМК тергеп, «кылмыштын курамы аныкталган жок» деген негизде ишти кыскарткан. 

Соттун чечими

УКМКнын басма сөз кызматы кечээ, 6-декабрда талапкер тууралуу маалымат тараткан. Алардын маалыматында, Акбөкөн Таштанбековду жоопко тартуу үчүн БШКга кайрылуу жөнөткөн. БШК аны жоопкерчиликке тартууга уруксат берген.

Биринчи май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, ага Жазык кодексинин “Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренесинде айып тагылып, кылмыш иши козголду. Тергөө аяктаганча ал камакта болот.

Эске сала кетсек, бир жума мурун Акбөкөн Таштанбековдун оозго алгыс сөз менен сөгүнгөн видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкууланган. «Ушундай адамдар депутат болууга укугу жок!» деп УКМКга кайрылып, аны жоопко тартууну талап кылышкан.

Белгилей кетсек, Акбөкөн Таштанбеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого №30 Ысык-Ата шайлоо округунан катышып, көп добушка ээ болгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.