Эл аралык издөөдө жүргөн 9 адам кармалды. Алар кандай кылмыштарды жасаган?

Эл аралык издөөдө жүргөн 9 адам кармалды. Алар кандай кылмыштарды жасаган?
Орусия аймагынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 8-декабрда билдирди.
Алардын айтымында, КР ИИМ РФ Өкүлчүлүгү укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынып, учурда Россия Федерациясынын аймагында жашырынып жүргөн жарандарды аныктоо боюнча иштерди улантууда. Акыркы бир ай ичинде, Орусия укук коргоо органдары тарабынан ар кандай кылмыштарды жана укук бузууларды жасагандыгы үчүн өз мекенинде издөөдө жүргөн 9 адам кармалган.
Ноокен районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну (аял киши) 1987-жылы туулган Ж.Н.нын жүргөн жери аныкталды. Ал 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгүндө (Ири өлчөмдө алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн (1997-жылдагы кодекс) козголгон кылмыш иши боюнча 2018-жылдын январь айынан бери издөөдө жүргөн. Издөөдө жүргөн жаран Ж.Н. Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан кармалган.
Издөөдө жүргөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 1972-жылы туулган тургуну Ш.М.нын жүргөн жери аныкталып, камакка алуу иштери жүргүзүлдү. Ал 2014-жылы Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 2-бөлүгүндө (Ири өлчөмдө алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Тоң районунун ички иштер бөлүмү тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча ага карата 2021-жылдын февраль айында мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
2020-жылдын сентябрь айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Ал Жалал-Абад облусунда 1982-жылы туулган Г. А. (аял киши) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгүндө (Ири өлчөмдө алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн.
2019-жылдын сентябрь айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1988-жылы туулган К.А. кармалган. Ал 2018-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Ири өлчөмдө алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн, бөгөт коюу чарасы – “камакка алуу”.
Издөө алган тарапка кабарлама берилип, кармалган жаран Москва шаарындагы тергөө абагына киргизилип, учурда экстрадициялоо маселеси 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык чечилүүдө.
Ошондой эле, 2020-жылдын ноябрь айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Нарын облусунун тургуну 1983-жылы туулган С.Б.нын жашаган жерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, Москва шаарында кармалган. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 210-беренесинин 1-бөлүгү (Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн.
2019-жылдын октябрь айында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну 1965-жылы туулган Д.А.нын өздүгү такталып, кармалган жана камакка алынган. Сузак РИИБ тарабынан 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 164-беренесинин 2-бөлүгүндө (Ири өлчөмдө уурулук) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан коңшу өлкөнүн жараны, Баткен облусунун тургуну 1966-жылы туулган М.И. кармалган. Ал 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 3-бөлүгү (Ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн.
Чүй районунун тургуну 1982-жылы туулган Ж.У.нын жүргөн жери аныкталган. Ал 2021-жылдын июнь айында Токмок шаарынын ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча издөөгө алынган.
2021-жылдын июнь айынан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жараны 1990-жылы туулган К.Х. кармалган. Ал 2020-жылдын январь айынан бери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Куралды же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен тоноо) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Ош облусунун Өзгөн районунун ички иштер бөлүмү тарабынан издөөдө жүргөн.
Бардык кармалган адамдарды өз мекенинде жасаган иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.