Ибрагим Жунусов «Амирсой» лыжа базасына барган иш сапарында тегерек столго катышты

Ибрагим Жунусов «Амирсой» лыжа базасына барган иш сапарында тегерек столго катышты

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов кечээ, 9-декабрда «Жаңы Өзбекстандын тышкы саясаты: динамикасы, жетишкендиктери жана келечеги» аттуу тегерек столго катышты. Бул тууралуу басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.

Алардын айтымында, иш-чараны Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган.

И.Жунусов дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин «Амирсой» лыжа базасына болгон иш сапарынын алкагында катышкан.

Тегерек столдо Ибрагим Нургожоевич Кыргызстандын Өзбекстан менен ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалын жана саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-өзбек өз ара аракеттенүүсүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин айтып берген.

Ошондой эле, элчи Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттеринин биргелешкен аракеттеринин жана саясий эркинин аркасында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде жаңы барак ачылганын, ал эми мамлекеттер ортосундагы саясий байланыштар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого толук кызмат кылып жатканын баса белгиледи.

Элчи Ибрагим Жунусов бак-дарактарды отургузууга да катышты.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.