ВИДЕО — Сокулуктагы үрөй учурган окуя эмне менен аяктады? Прокурордун жообу…

ВИДЕО — Сокулуктагы үрөй учурган окуя эмне менен аяктады? Прокурордун жообу…

6 күн мурунку окуя

Чүй облусундагы Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Исмаил айылынын тургуну, жабырлануучу 16 жаштагы кыздын атасы Азат Жусуев Сокулук райондук милицияга 5-декабрда арыз менен кайрылган. Арызда таң эрте жашы жете элек кызын белгисиз адам жолдон күч колдонуп зордуктап койгону, зөөкүрдү таап, жазалоо жазылган. Бул факты катталып, издөө башталып, ошол эле күнү 31 жаштагы кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал ошол айылдын тургуну, 3 баланын атасы болуп чыккан. Аны билип калган айылдаштары ачууланып, анын бул кылыгы биринчи жолу эмес, буга чейин да далай кыздарды зордуктаганын, кечирип келишкенине өкүнүшүп, бул жолу кечире албастыгын баса белгилешип, үй-булөсүн айылдын 24 саат ичинде көчүп кетүү талабын коюшкан. Айыл жашоочулары сотко да, милицияга да ишенбестигин билдирип, Аксакалдар сотуна кайрылышкан.

Аксакалдар сотунун чечими

Жабыркаган кыздын жакын туугандары, райондун акими Курманбек Айтибаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана депутаттары, имам, айылдын жашоочулары Аксакалдар сотуна 7-декабрда чогулуп, жыйын өткөрүшкөн. Ал жерге чогулгандар шектүү буга чейин да эки кызды зордуктаганын, бирок, укук коргоо органдарына акча берип, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткенин айтышып, Аксакалдар соту чечим чыгарып берүүнү суранышкан. Аксакалдар соту элдин талабына макул болгон чечим чыгарып, шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

Шектүүнүн жакындары эмне дейт?

Шектүүнүн таенеси Сагын Ожурова: «Балабыз колу менен кылганын мойну менен тартсын!  Азыр ал камакта жатат го. Биз аны чыгарып алалы деп жаткан жокпуз. Ата-энесинде, чычкандай балдарында эмне күнөө? Мына үч күндөн бери балдардын апасы эстеп танып, өлгөнү жатат. Ачууланган балдар ошол жерге барып балабызды өлтүрүп салсын! Болгону кичинекей балдарына зыян келтирбесин!», — деп ыйлаган.

Ал эми шектүүнүн атасы Кылыч Сарбагышов Аксакалдар сотунун чечимине каршы эместигин билдирип: «Балам өз күнөөсүн өзү тартсын! Мен эл мененмин, алар кандай чечим кылса ошого макулмун. Бирок, айылдан мен гана чыгып кетем», — деген.

Бул үй-бүлөнүн 8 мүчөсү, алардын бош калган үйүнүн коопсуздугу милициянын көзөмөлүндө.

Прокурордун айтымында…

Сокулук районунун прокурору Орозбек Бердибаев «Азаттык» радиосуна берген маегинде, Аксакалдар сотунун сотунун чечими мыйзамсыз экендигин билдириптир. Ал Аксакалдар соту элдин басымы менен че

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.