Чыңгыз Айтматов Өзбекстан Улуттук университетинде эскерилди. Элчи Ибрагим Жунусов ыраазычылык билдирди

Чыңгыз Айтматов Өзбекстан Улуттук университетинде эскерилди. Элчи Ибрагим Жунусов ыраазычылык билдирди

Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 93 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул тууралуу Элчиликтин басма сөз кызматы бүгүн, 13-декабрда билдирди.

Ошондой эле, иш-чарага Эл аралык Айтматов академиясынын мүчөсү Ахмаджон Мелибоев, университеттин окуу иштери боюнча биринчи проректору Шухрат Тошматов, «Кабар» маалымат агенттигинин Өзбекстандагы өз кабарчысы Төлөнбай Курбанов, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын башында Ахмаджон Мелибоев, Шухрат Тошматов, Ибрагим Жунусов конокторго жана конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен кайрылышты. Жунусов Чыңгыз Айтматовдун, анын бүткүл дүйнө окурмандарын багынткан кайталангыс талантынын зор маанисин белгилеп, залкар жазуучунун жаркын элесине аярлуу мамиле көрсөткөндүгү жана катышкандыктары үчүн бардыгына ыраазычылык билдирди.

Конференциянын алкагында, «Ч. Айтматовдун адабий-эстетикалык көз караштары жөнүндө», «Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктар», «Улуттук кинематографиянын өнүгүшү жана Ч. Айтматов», «Ч.Айтматовдун адабий ой жүгүртүү чеберчилиги жөнүндө» жана «Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштыруу тажрыйбасынан» аттуу темаларда филология илимдеринин доктору Хамидулла Болтабоев, Өзбекстандын эл жазуучусу Исажон Султон жана башкалар баяндама жасашты.

Ошондой эле, катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун жашоосун жана чыгармачылыгын талкуулашты жана китеп көргөзмө–экспозициясында болушту.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.