ВИДЕО — Сергей КУЗЬМИН: «Өмүрүмдүн көбү полиграфияда өткөндүктөн, ишимди өз үйүмдөй жакшы көрөм»

ВИДЕО — Сергей КУЗЬМИН: «Өмүрүмдүн көбү полиграфияда өткөндүктөн, ишимди өз үйүмдөй жакшы көрөм»

Кечээ, 17-декабрда, полиграфия — басма продукцияларын чыгаруу жаатында өзгөчө чоң орду бар «Учкун» басмаканасынын 95 жылдык салтанаттуу мааракеси Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда жогорку деңгээлде өттү. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова, башка да бир катар мамлекеттик ишкана-мекемелердин жетекчилери жана журналисттер катышты. Мамлекеттик катчы президент Садыр Жапаровдун куттуктоо катын окуп, тапшырды. Ал эми Нуржан Кармабековна парламенттик шайлоо өнөктүгүндө «Учкун» бюллетендерди (3 702 646 шайлоо бюллетени, бир мандаттуу шайлоо округдары үчүн 3 625 277 бюллетень даярдалган — авт.) өз убагында чыгарып бергенин баса белгилеп, мааракелик майрамы менен куттуктады. Андан кийин сөз алган мамлекеттик, жеке менчик ишкана-мекемелердин жетекчилери «Учкундун» тарых-таржымалына токтолуп, маараке ээлерин куттуктап, сыйлыктарын тапшырышты.

«Учкундун» тарыхы тууралуу тасма…

Борбор Азиядагы эң чоң басмаканалардын бири — «Учкун»

Урматтуу «Учкун» басмаканасынын ардагерлери, эмгек жамааты, Даир Атакулович!

Жогорудагы тасмадагы ардагер Огонбек Асанкулов агабыз айткандай, Кыргыз мамлекетиндеги полиграфия тармагынын гүлдөп, өнүгүп-өсүгүшүнө кошкон салымыңыздар чоң. Анткени эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Кыргызстандагы өндүрүш өнөр жайлары кризиске учурап, айрым өнөр жай ишканалары жабылып калган. Ал эми «Учкун» ишканасынын ардагерлери, ошол оор учурду жеңип чыгып, өндүрүштү үзгүлтүккө учуратпай, ишин илгерилетип кеттиңиздер! Борбор Азиядагы эң чоң басмаканалардын бири деп сыймыктануу менен айта алабыз.

«Учкун» полиграфия тармагынын төлбашы, эң кубаттуусу, №1 басмакана» деп бекеринен айтылбайт да. Билим, маданият жана адабият жаатындагы көптөгөн басылмалар миллиондогон нускада чыгарылганы өзүнчө тарых. Тарыхты ким жаратат, албетте, эмгек жамаат. Ардагерлер канча деген муунду таптап, тарбиялап чыгарышты. «Басма тармагында иштеген адис катары «Учкун» менен 2000-жылдан бери кызматташып келем. Басмакананын кесипкөй адистери Агранат, Валентина Крутякова, Лидия Васильевна, Гуля Жатаева, Бекболсун Жайчыбеков, Гүлнара Мураталиева ж.б. улуу муундун өкүлдөрү менен иштешкениме, алардан аздыр-көптүр тажрыйба алганыма сыймыктанам» деп кесиптешибиз, «Кадам-медиа» сайтынын жетекчиси Сайрагүл Дуулатова сыймыктануу менен жазып чыкты.

Полиграфияда 40 жыл эмгектенген полиграфист Сергей Кузмин жогорудагы тасмада өмүрүнүн көбү жумушта өткөнүн, ишин өз үйүндөй жакшы көрөрүн, дагы эле болсо үзүрлүү эмгектенип келатканын кубануу менен айтып, «Учкундун» 100 жылдыгын да белгилегиси келээрин билдирбедиби… Кузьмин аксакалдын тилеги кабыл болуп, өзү да 100 жашка чыксын!

Ушундай улуу муундун узак жолун улантып келаткан учурдагы эмгек жамаатын жана жетекчиси Даир Кенекеевди майрамы менен куттуктайбыз! 95 жылдык мааракеңиздерди 95 күн белгилеңиздер! Биз 95 күн жазалы!

Сыйлык сиздердики — сыймык биздики!

Кечээ иш-чаранын аягында, Даир Кенекеев «Учкун 95» юбилейлик медалы менен бир топ журналисттерди сыйлады. Алар:

1. Назира Саалиева, «Алакан» сайтынын жетекчиси;

2. Айчүрөк Борукеева, эркин журналист;

3. Чынайым Кутманалиева, «Майдан» гезитинин журналисти;

4. Сайрагүл Дуулатова, «Кадам-медиа» сайтынын жетекчиси;

5. Назгүл Мамытова, «Ачык саясат» гезитинин жетекчиси;

6. Бурул Мусабекова, «Жибек жолу» гезитинин журналисти;

7. Таалайгүл Чабдарова, КТРК журналисти;

8. Элнура Кулуева, эркин журналист.

Ошондой эле, медаль менен ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов жана Назира Султанкулова да сыйланды. Сыйлык сиздердики — сыймык биздики, сыйлыгыңыздар кут болсун!

Сиздерге белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис АСЕК уулунун «Кубаныч илимин» тартуулайбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.