АДВОКАТ: «Сумаянын өлүмүнө шектелип кармалган киши дарылануу үчүн коё берилди»

АДВОКАТ: «Сумаянын өлүмүнө шектелип кармалган киши дарылануу үчүн коё берилди»

9 жаштагы Сумая Хосилжанованын өлүмүнө шектелип кармалган У.А. деген адамдын кое берилгени тууралуу Жалал-Абад ОИИБ бүгүн, 24-декабрда, маалымат таратты. Алардын маалыматы боюнча, тергөө жүрүшүндө шектүү Жалал-Абад облустук ооруканасынын психоневрология бөлүмүндө стационардык тартипте дарыланганы аныкталган. Ал эми соттук-психиатриялык экспертизадан өтөт. Текшерүү жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат деп, Жазык-процесстик кодексинин 186-беренесинин (Экспертиза жүргүзүү үчүн адамдарды медициналык мекемеге жаткыруу) негизинде шектүүгө карата кечээ, 23-декабрда, соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Аны ыкчам өткөрүү жагы Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Жар-12 шаарчасындагы психиатриялык оорукана эксперттерине тапшырылган.

Кечээ, 23-декабрда, шектелип кармалган жаран кайра коё берилгени тууралуу адвокат Мунарбек Сулайманов «Азаттыкка» билдирген. Адвокат шектүүнүн психикалык жактан жабыркай тургандыгын, буга чейин ооруп дарыланган тактамаларын көрсөткөн. Ошонун негизинде соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган.

Шектүү күнөөсүн толук мойнуна алган…

Сумаянын өлүмүнө шектелип Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1973-жылы туулган тургуну У. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кечээ, 23-декабрда, ИИМдин Басма сөз кызматы билдирген. Сурак убагында шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Сумаяны мектепке бара жаткан жолдон азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, аны 3-4 күн үйүнүн жер төлөсүндө, суукта колу-бутун скотч менен байлап кармаганын, денеси муздап калгандан кийин мүшөккө салып, дарыя жээгине ыргытып салганын, кийим-кечесин өрттөп жибергенин айтып берген. Ал Сузак районундагы айылдардын биринде, он жыл мурда үй-бүлөсү кетип калгандыктан жалгыз жашап жүргөн.

Каргашалуу күн…

Каргашалуу окуя башы 18-ноябрда катталган. Ошол күнү, саат 12:40 чамасында Сузак районунун тургуну Өткүрбек Сулайманов 9 жаштагы кызы Сумая Хосилжанова үйдөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Сумаяны издөө ишине катышкан  милиция кызматкерлери, элдик кошуунчу, ыктыярчылар, жергиликтүү тургундар талаа-түздү, кароосуз турган, курулуп бүтпөй калган үйлөрдү, гараждарды, чарба жайларын кыдырып издешип, эч жерден дайыны табылбай, жок болуп чыккан. Издөө иштери улантылып, бирок эч майнап бербей жаткандыктан,  кыздын атасы 26-ноябрда YouTube каналы аркылуу президент Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге, жалпы кыргызстандыктарга кызын табышып коюу өтүнүчү менен кайрылган эле…

Тилекке каршы, атанын кызын аман табуу үмүтү акталбады… 27-ноябрда, саат 17:00 чамасында Сузак районунун А.Р. аттуу тургуну милицияга телефон чалып, балык уулаганы барган Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаш кыздын жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган. Айтылган жайга барган милиция кызматкерлери ал кыз изделип жаткан Сумая Хосилжанова экендигин аныктаган. Алгач «кыйнап өлтүрүлгөн белгилер табылган жок» деген билдирүү айтылып, кийин Кылмыш кодексинин 130-беренеси «Адам өлтүрүү» боюнча сотко чейинки өндүрүш ичи ачылып, тийиштүү экспертизалар дайындалганы маалым болгон…

Бирок, шектүүнүн жактоочусу Мунарбек Сулаймановдун «24.kg» сайтына айтканы боюнча, милиционерлер, ишти тез ачыш максатында эле күнөөнү У.Ага илгени жатышкандай. Айтымында, «ал коргоп жаткан адамга шектелип жаткандыгы кабарланган билдирүү берилген эмес; кылмышты ал жасагандыгы боюнча так далил жок; У.А. чынында психиатриялык диспансерде каттоодо турат, «шизофрения» диагнозу ага 2008-жылы коюлган; психологиялык кысым болгондуктан гана биринчи суракта мойнуна алган көрсөтмө берип койгон; азыр күнөөсүн моюндаган жок, милиционерлер, ишти тез ачыш максатында эле күнөөнү У.Ага илгени жатышкандай. Аны күч колдонуп кыйнап-кысташкан эмес». Андыктан, күбө катары эле суралып, 2008-жылы март айында шизофрения оорусу менен Жалал-Абад облустук психоневрология бөлүмүндө стационардык тартипте дарыланганын тастыктаган документтер келгенден кийин үйүнө кое берилген.

Эми маселе соттук-психиатриялык экспертизада, ал кандай жыйынтык көрсөтөт, ошого жараша иш болот. Анткен менен, бажырайган кезинде белгисиз жагдайда өмүрү кыйылган  Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча бардык жагдайлар, күнөөлүү же күнөөлүүлөр аныкталып, мыйзамдуу катаал жазасын алышы керек…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.