ВИДЕО- Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсүнө Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова белек тапшырды

ВИДЕО- Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсүнө Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова белек тапшырды

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку сотто Кыргыз Эл Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Нургүл БАКИРОВА: «Мамлекетти түптөөдө салым кошкон инсандарды барктап, даңктап жүрүшүбүз керек!»

Иш-чарага Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова, Жогорку соттун судьялары жана аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсү Астемир Абдрахманов, ошондой эле Жогорку соттун, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жана Сот департаментинин аппарат кызматкерлери катышышты. Аларга Жусуп Абдрахмановдун басып өткөн жолу, жасаган иштери, мамлекеттин түптөлүшүнө кошкон салымы тууралуу даректүү фильм көрсөтүлдү.

Фильмден кийин Жогорку соттун төрайымы Н.Бакирова сүйлөп, Жусуп Абдрахмановдун өлкөнүн эгемендүүлүгүн түптөөдөгү кошкон зор салымын кыргыздын ар бир атуулу билиши керек экендигин баса белгилеп, сот тутумунун кызматкерлерине дагы Мекенине кызмат кылуунун бийик үлгүсү болушу керектигин билдирди.

Өлкөнүн көз карандысыздыгын түптөөдө өз салымын кошкон инсандарды дайым барктап, даңктап жүрүшүбүз абзел. Мына ушундай Мекенинин эгемендиги жана элинин эркиндиги үчүн жанын сайып, өмүрүн кыргыз улутун калыптандырып, мамлекет курууга арнаган инсандар тууралуу биздин аппарат кызматкерлерге көбүрөөк маалымат бериш үчүн ушундай жолугушууларды байма-бай  уюштуруп турууну көздөп жатабыз”- деди төрайым.

Астемир Абдрахмановдун ыраазычылыгы

Астемир Абдрахманов Нургүл Бакировага ыраазычылык билдирди. Ал атайын чакырып, аппарат кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп жаткандыгына кубанычта экенин айтып, Жусуп Абдрахманов тууралуу кызыктуу фактылар менен ой бөлүштү. Анын мазмундуу, кызыктуу баяндама жасап бергени үчүн төрайым ыраазычылык билдирип, Жогорку соттун атынан белек тапшырды.

Жусуп Абдрахмановдун өмүр баяны

1901-жылы 28-декабрда Ак-Суу районундагы Чиркей айылында туулган.
Орус-тузем мектебинин 3-классын Сазановка (Ананьево) айылынан бүтүргөн.
Бул мектепте К.Тыныстанов, А.Жээнбаев, Т.Забировдор окушкан.

1914-жылы Караколдогу баштапкы окуу жайда окуп, 1916-жылы Үркүндүн айынан окубай калган. Үркүндө 7 бир тууганы, ата-энеси каза болот.

1917-жылы Кытайдан келип, ар кимге жалданып иштеген.

1919-жылы Кызыл Гвардиянын катарына өтөт.

1919-жылы декабрь айында оорусуна байланыштуу аскер кызматынан бошоп калат.

1919-жылы Түркстан комсомолунун Президиумунун мүчөсү.

1920-жылы РКСМдин III съездинин делегаты.

1920-жылы Пишпек уездик комитетининуюштуруу бөлүм башчысы.

1924-жылы 24-мартта Түркстан ЦИКтин жооптуу секретары.

1924-жылы ноябрь Облпартбюронун экинчи секретары.

1925-жылы Москвада (ЦК РКП) инструктор.

1927-жылы облисполкомдун орун басары.

1927-1933-жылдары облсовнарком, председатель.

1933-жылы сентябрда ЦК РКП (б) бюросунда иштен бошотулат.

1933-жылы октябрда партиянын катарынан чыгарылат.

1934-жылы 4-апрелде камакка алынат.

Коюлган күнөө: Совет өкмөтүнө чыккынчылык менен бөлүп-жаруу иштерин уюштурган. «Социал-Туран» партиясына катышкан. Совет өкмөтүн кулатуу жана Кыргызстанды союздан бөлүп чыгып, улутчул-буржуазиялык бийликти орнотуу менен Англия мамлекетине жармакташууну көздөгөн.

1956-жылы СССРдин Жогорку Сотунун согуш коллегиясынын чечими менен акталган.

1938-жылы 5-ноябрда атылган.

1958-жылы Жусуп Абдрахмановду жарандык реабилитациялоо, 1989-жылы партиялык актоо болгон.

Президенттин сыйлыгы жана буйругу…

Быйыл президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Жусуп Абдрахмановго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жана «Ак Шумкар» ордени ыйгарылган.

21-декабрда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленип, ага президент, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Жусуп Абдрахмановдун жакындары катышкан. Анда Садыр Жапаров президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун ысымы ыйгарыларын билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.