МАЕК — Изати ШҮГҮРАЛИЕВА: «Чындыгында милициянын жубайы болуш өтө оор. Анткени…»

МАЕК — Изати ШҮГҮРАЛИЕВА: «Чындыгында милициянын жубайы болуш өтө оор. Анткени…»

“Офицердин жубайы” медалы менен сыйланган Изати Шүгүралиева

Жыл жаңырарына саналуу гана сааттар калды. Уй жылын узатып, Жолборс жылын тоскону турабыз. Жаңы жыл алдында бир топ жакшы адамдар сыйлык менен сыйланышты.
Жогорку соттун Басма сөз кызматынын өкүлдөрү: Изати Шүгүралиева менен Чынара Жумакадыр кызы Ички иштер министрлигинин “Офицердин жубайы” медалы менен кечээ, 30-декабрда сыйланышты. Сыйлыкты ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов тапшырды.

Ат жалында маек

Изати ШҮГҮРАЛИЕВА: «Жолдошум Ошко кетип, бир ай жок болгон. Ал күндөрдү эстегим келбейт!»

«Кесиптешим Чынара экөөбүзгө Жаңы жыл алдында күтүүсүз жакшы белек болду. Биз үчүн бул бардыгынан кымбат, маанилүү сыйлык. Жолдошторубуздун тиреги, үмүтү жана ишеничи бойдон кала берели! Ички иштер министрлигине терең ыраазычылык!» деп кубанган (полковник Азамат Асымовдун өмүрлүк жары) Изати айымды сыйлыгы менен куттуктап, ат жалында маек курдук. 

— Изати айым, сыйлыгыңыз менен куттуктайбыз! Бул сыйлык башка сыйлыктарыңыздан эмнеси менен айырмаланат деп ойлойсуз?

— Куттуктооңуздарга чоң рахмат. Учурдан пайдаланып, алгач мен кыргызстандыктарды босогодо турган 2022-жыл — Жолборс жылы менен куттуктап кетейин. Келаткан жыл жакшылыктын жылы болсун! Жемиштүү, жеңиштүү жылдардан болсун! Ар бир үй-бүлө бактылуу болсун!

Эми Жаңы жыл алдында алган сыйлыкка учкай токтолсом, Ички иштер министрлиги жолдошторунун артында тыл, тирек болуп турган жубайлары турат деп “Офицердин жубайы” медалын ыйгарышты. Бул сыйлык башка бирөөлөр үчүн жөн эле сыйлык болушу мүмкүн. Мен үчүн андай эмес. Бул сыймык, өтө барктуу, баалуу, абдан маанилүү сыйлык. Мен көп эле сыйлыктарды алып жүрөм, бирок, ошолордун арасынан бул сыйлык эмнегедир өзгөчөлөнгөн сыйлык болду.

— Милиция кызматкеринин жубайы болуу кыйын бекен?

— Албетте! Чындыгында милициянын жубайы болуш өтө оор. Анткени, алар ары татаал, ары түйшүктүү, ошол эле учурда жоопкерчиликтүү кызматты аркалашат. Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылып, ар кандай митинг-пикеттерде милиция кызматкерлери күн-түн дебей, кызмат кылып жатканын көрүп жатабыз. 2005-жылы, 2010-жылы бир күн эмес, бир саатка милиция кызматкерлери чыкпай койгондогу абалды көрдүк го. Андай учурда: «Бизге тезинен милиция керек!» деп кыйкырып чыгабыз дагы, кайра аларга таш ыргытабыз, жамандайбыз. Ал эми ошол милиция кызматкерлеринин артында канчалаган үй-бүлөсү, жубайлары, ата-энелери, туугандары күн-түн дебей аларды күтүп, аман-эсен келишин Кудайдан тилеп отурушат. Алардын арасында биз дагы барбыз. Мына, канчалаган милиция кызматкерлери кызматын аркалап жатып каза болуп калышты. Ушундай эр-азаматтарды жоготуу кандай гана жаман, азап! Аны эч ким айтпайт. Анан эле «милиция бизди коргобойт» деп айтабыз. Коом өзү аны кордоп жатат го. Ошентсе да, ага карабай милиция кызматкерлери элди коргоп жатышат.

— Жолдошуңуз алыс кетип, күткөн учурлар болсо керек?

— Ооба, болгон. Эсимде, июнь окуяларында жолдошум Ошто болду. Бир ай жок болду. Ал күндөрдү эстегим келбейт. Каргашалуу, кандуу окуялар болуп жатканын көрүп аман-эсен келишин Кудайдан тилеп отурдук.

—  Милиция кызматкерлери майрамда да кызматта болушат го. Жолдошуңузсуз майрамды тоскон күндөр көп болсо керек?

— Ооба, көп эле болгон. Милиция кызматкерлеринде күн-түн, дем алыш күн, эс алуу күн, майрам деген жок да. Жаңы жыл күндөрү кызматта болуп калса, айла жок балдар менен жалгыз тоскон күндөр болгон.

—  Быйылчы, Жолборс жылын чогуу тососуздарбы? 

— Быйыл чогуу тособуз! Анткени, пенсияга чыккан.
«Милицияда иштеген адамдардын мүнөзү татаал, катаал болот» дешет го…

— Милицияда иштеген адамдар жумшак болот деп айта албайм, кызматы аларды катуу болууга, ар кандай туруштуктарга даяр болууга үйрөтүп коет окшойт. Бирок, жолдошум үй-бүлөсүнө, балдарына жумшак мамиле кылып келет. Жумушта болуп жаткан көйгөйлөрдү үйдөн чыгарбайбыз. «Жумушта болгон нерселердин бардыгы сыртта калыш керек! Үйгө алып кирмей жок!» деген принцип бар, биздин үй-бүлөдө. Андыктан, үйгө келгенде жумуш тууралуу сүйлөшпөйбүз. «Эне үйдүн куту, апаңырды сыйлап, урматташыңар керек!» деп балдарына көп айтат.

— Эмгек жолун кайдан баштады эле?
—  Эмгек жолун Кочкордон опер кызматкер болуп баштап, ИИМдин борбордук аппаратында иштеп, полковникке чейин жетти.
— Сиз менен таанышканда кайсы чинде эле?

— Жолдошум экөөбүз таанышканда ал майор болчу. Анын ар бир ийгилигинин артында үй-бүлөсү, туугандары, жакындары турат.

Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. «Азаматтын ак таңы — алган жары, өмүрүн улап турган — балдары» дегендей, полковник Асымов Азамат Жумагазиевичтин өмүрүн улап турган бир уул, бир кызы жана ар бир ийгилигине чоң салым кошкон жаркылдаган жары — Изати айым бар. Ушул үлгүлүү үй-бүлөнү дагы коомчулук алдына алып чыгып, алардын сырын ачабыз, жазабыз. Жолборс жылын чогуу тоскону турган бактылуу үй-бүлөнү келаткан жаңы жылы жылы менен куттуктайбыз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.