“Күлгөндүн билгени бар”. Куудул Союзбек Сейитказиевдин концертине даярдык катуу жүрүүдө… Келиңиз!

“Күлгөндүн билгени бар”. Куудул Союзбек Сейитказиевдин концертине даярдык катуу жүрүүдө… Келиңиз!

Эки баланын атасы, «Супер куудул”, “Мыкты куудул” номинацияларынын ээси Союзбек Сейитказиев жаңырган Жолборс жылында кыргыз калкына күлкү тартуулаганы турат. “Күлгөндүн билгени бар” аттуу концерти 6-январда, Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында өтөт. Концертке белгилүү куудулдар, ырчылар катышат. Башталышы: 18:30.

Концертке саналуу гана күндөр калды. Билет алууну каалагандар болсо, анда бул телефонго чалыңыздар: 0706 21 36 30.

Союзбек Сейитказиевди учкай тааныштыра кетсек, ал 1985-жылы, 16-мартта Токтогул районунун Толук айылында трактористтин үй-бүлөсүндө туулган. 5 бир тууган. Уруусу — саяк.

11-классты бүтөрү менен КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маркум Рахман Разыковдун “Бешилик” театрына келип, тарбияланган. 10 жылдан ашык “Беш тапан” куудулдар тобунда болгон. Учурда жеке куудул.  КТРКдагы “Мыскыл жана тамаша” долбоорунун активдүү катышуучусу.

Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы. Өмүрбек менен Умардын апасы, куудулдун келинчеги журналист Жазгүл Ибраева.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.