Аида Салянова Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коет. Колдойбузбу?

Аида Салянова Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коет. Колдойбузбу?

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоодо талапкер болууну каалагандар саны 15 адамга жеткенин БШК басма сөз кызматы кабарлады.

Мурдагы башкы прокурор, мурдагы ЖК депутаты Аида Салянова да депутаттыкка талапкерлигин №29 Свердлов шайлоо округунан коюу ниетин билдирди.

Аида Салянованын мыкты мыйзамдары…

Эки кыз, бир уулдун энеси, 49 жаштагы Салянова Аида Жеңишбековнанын кесиби юрист. 2010-жылы юстиция министри, 2011-2015-жылы баш прокурор болуп эмгектенген. 2015-жылы «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңеште депутат болгон. Эл өкүлү болуп турганда, коррупция фактыларын ачыкка чыгарган жарандарды коргоо жөнүндө мыйзам жазып чыккан. Бул элге эң керектүү мыйзам болчу. Мындай мыкты мыйзамдын өтүшү Жогорку Кеңеште кыйын эле болгон, ошентсе да, Аида Жеңишбековнанын кыйындыгынан парламенттеги үч окуудан өтүп, андагы президент Алмазбек Атамбаевдин колуна тийген. 2016-жыл болчу. Тилекке каршы, Атамбаев ал мыйзамга вето коюп салган.

Бирок, ал мыйзам ошол бойдон көмүскөдө калган жок. Аида Жеңишбековнанын партиялашы, депутат Наталья Никитенко ал мыйзамды 2019-жылы, январда президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтөт, ага президент кол коет. Ошентип, бул мыйзамдын багы ачылып, анын негиздөөчүсү, автору катары Аида Салянованын аты калды. Атамбаев кол коюп, жалган жалаа менен соттотпосо, бут тоспосо, дагы канча деген ушундай мыкты мыйзамдарды жазмак. Парламентте мындай мыйзам жазган адам жок болду да, чынында.

Мыкты мыйзам жазган талапкерди шайлап алсак жаманбы?..

Аида Салянова депутат кезинде жазган мыйзам Украинадагы жаңы түзүлгөн Раданын биринчи кабыл алынган мыйзамдарынын бири экен. Окшоштугун караңызчы! Андай мыйзамды биздин, болгондо да кыргыз кызыбыз жазып жатпайбы!

Мыкты мыйзам Украинада иштеп кетти. А биздечи?..

Биз муну эмнеге козгодук? Себеби, Аида Женишбековна парламентке депутат болуп келсе, ушуга окшогон мыкты мыйзамдарды жазат. Жети өлчөп, бир кесип, элге керектүү мыйзам жазган талапкерлерди тандап, шайлап алсак жаманбы?..

Шайлоо канчасында болот?

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Бишкек шаарындагы бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарындагы шайлоочулар баарына каршы добушту көп беришкен. Ошондон улам бул эки округда кайра шайлоо болоорун БШК билдирип, шайлоону 27-февралга белгилеген эле…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.