Рена Ли Сингапурдун интеллектуалдык менчик стратегиясын Рахат Керимбаевага тааныштырды

Рена Ли Сингапурдун интеллектуалдык менчик стратегиясын Рахат Керимбаевага тааныштырды
Бүгүн, 5-январда, Кыргызпатент директору Рахат Керимбаева Сингапурдун интеллектуалдык менчик боюнча мекемесинин (IPOS) жетекчиси Рена Ли менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда алар мекемелер аралык кызматташуу келечегин талкуулашып, Кыргызпатент директору интеллектуалдык менчикти ишке ашыруу жана алардын натыйжаларын коммерциалаштырууну пайдалануу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.
Рена Ли өз кезегинде Сингапурдун интеллектуалдык менчик боюнча 2020-2030-жылдарга карата Стратегиясы менен тааныштырды.
Эки тарап интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүдөгү акыркы жетишкендиктер менен бөлүшүп, Сингапурдун интеллектуалдык менчик академиясы менен кыргыз тараптын мындан ары да өз ара аракеттенүүсүн эки тараптуу кызматташуунун потенциалдуу багыты катары белгилешти.
Кыргызпатент директору IPOS мекемесин Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде Рена Ли географиялык даректүү тасмалар аркылуу Кыргызстан тууралуу жакшы маалыматтарды биле тургандыгын жана иш сапары менен барууга кызыкдар экендигин билдирип, Кыргызпатент директорун Сингапурга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
Кыргызпатент басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.