ВИДЕО — Кыргызстан аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы пикетке чыккандар Байсаловдун жообуна нааразы болушту…

ВИДЕО — Кыргызстан аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы пикетке чыккандар Байсаловдун жообуна нааразы болушту…

Бүгүн, 6-январда, Кыргызстандын бир катар активист жарандары биздин аскерлерди Казакстанга жиберүүгө каршы пикетке чыгышты. Алар эртең менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулушуп, ал учурду чагылдырып жаткан журналисттер, жарандык активисттер Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун алдын тосуп, суроолорду жаадырышкан.

Байсалов төмөндөгүдөй жооп бериптир: «Бир тууган боордош өлкөдө болуп жаткан окуяларга баарыбыз жаман болуп жатабыз. Кандай алака-мамиле болбосун, Кыргызстан үчүн казакстандыктардай жакын, бир тууган, боордош эл жок. Ошондуктан, бүгүн, кечээ, түнү менен келген кабарлар —  кырдаалдын кескин курчуп жатканы, зордук-зомбулук, көп сандагы курмандыктар, ар бир кыргызстандык, анын ичинде, толук жоопкерчилик менен айта алам, Министрлер кабинетинин бардык курамы, өлкөбүздүн башчысы, бүтүн дүйнө жүзү, аймак, бардыгыбыздын жүрөгүбүз бирдей эле кагып жатат… Акыркы убакытка чейин, билесиздер, боордош эл жана алардын жетекчилиги, президент Жоомарт Токаев, бардык мыйзамдуу бийлик курамы кырдаалды өз алдынча жөндөп кетет толук ишенимде болчубуз. Казак Республикасынын улуттук мыйзамдары, стратегиялык эң жакын өнөктөшүбүз менен байланыштырып турган бир эле Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун эле эмес, болгон бардык уюмдардын жоболоруна ылайык, бизде келишимдерде жазылган милдеттенмелерибиз бар. Ошондуктан кошунабыз, боордош тууганыбыз, жардам сурап жатканда… силер менен талашып-тартышкым келбейт, бул өлкөлөр жетекчилеринин чечими, бирок, эгер аскерлер жөнөтүлө турган болсо, Конституциябызга ылайык, адилет, айкын, эркин шайлоодо Кыргызстан эли шайлаган Жогорку Кеңеш ошондой чечимге келсе, аскерлерибиз эч кандай учурда боордош бир тууган эл менен бетме-бет келип кагылышпайт деген катуу талап, шарт коюлду…»

Албетте, Ак үй алдына топтолгондорду, бир учурларда ушундай тагдыр чеччү маселелерде бийликти сындап, суроо берип, жооп талап кылып калчу Байсаловдун азыркы бийлик адамы катары «адилет, айкын, эркин шайлоодо Кыргызстан эли шайлаган…;  милдеттенмелерибиз бар…; катуу талап, шарт койдук…» сындуу жообу канааттандырган да жок, жаккан да жок… Бирок баары чечилип калгандан кийин башка деле жооп айтылмак эмес…

Министрлер кабинети чукул жыйынга чогулушту

Анан, ошо, Министрлер кабинетинде да чукул жыйын болуп, коңшу Казакстандагы чыңалган абалдын улам күчөшү, айрым аймактарына өзгөчө кырдаалдын киргизилишинен улам жаралган учурдагы коомдук-саясий абал талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) чечимине ылайык Кыргызстандан Казакстанга колдон келген колдоо болорун билдирди.

Жогорку Кеңеш жыйыны эртеңкиге жылды. Эмнеге?

Өлкө президентинин жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) чечимине байланыштуу Жогорку Кеңеш депутаттары чукул жыйын өткөрүшмөк. Тилекке каршы, кворум (каттоодон 39 гана депутат өттү) жок, 7-январга жылып калды. Кворум үчүн 90 депутаттын жарымы — 46сы катышуусу керек.

Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңеш депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынына жогорку маселе боюнча баяндамачы катары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дайындалган. Мындан сырткары, ага Казакстандагы окуяларга реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды ыкчам жетектөө милдети да жүктөлгөн.

Казак элинин толкуну эмнеден улам башталды? Токаевдин кайрылуусу…

Белгилей кетсек, Казахстан президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу максатында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сурап кайрылган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия» деп атап, аларды «чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор» уюштуруп жатканын баса белгиледи.

Токаев кайрылган уюмга учурда төрагалык кылып жаткан Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда Фейсбук аркылуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн билдирди.

Учурда Казакстандын бардык аймактарында Өзгөчө абал жарыяланды. Башаламандык эмнеден улам жана каерден  башталды? Нааразычылык акциясы Казакстандын Мангыстау облусундагы мунай калаасы болгон Жаңы-Өзөндөн башталды. Эл айдаган унаалардын дээрлик бардыгы жүргөн, 31-декабрда 100 теңге турган суюлтулган газ баасы бир түндө 120 теңге (23, 9 сом) болуп кескин кымбатташына нааразы эл борбордук көчөлөрдүн бирин жол кыймылын токтотуп тосуп, газ баасын 50-60 теңгеге түшүрүү талабын коюшкан.

Бирок Казакстан энергетика министрлиги менен облустук бийлик өкүлдөрүнүн бул талап орундалышы мүмкүн эместиги айтылган «Азыр биржада бир литр газ 70-85 теңге, бул газды ташуу операциялык чыгымдарды кошпогондогу сумма. Мурдагы 60 теңгелик бааны кайтаруу мүмкүн эмес» деген билдирүүсү кошумча болуп, Жаңы-Өзөндөн башка да газ баасы эки эсе кымбаттаган Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында да эл нааразылыгы башталып, толкундоолор жанданып, 4-январда күчөп, 5-январга караган түнү Алматы шаарында күч органдары менен элдин ортосунда кагылышуулар да болгон.

Ошол күнү эртең менен Казахстан президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, Коопсуздук кеңешин эми Нурсултан Назарбаев эмес, өзү жетектей турганын, Нур-Султандан эч жакка кетпестигин, эл менен болорун айтып эки жолу элге кайрылып, бирок көп узабай Коопсуздук кеңеш жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү башаламандыкты токтотуп, тартипти орнотуу максатында деп Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сурап кайрылды. Ал кайрылуусунда өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия», «чет жактан олуттуу даярдыктан өткөн террорчулар уюштуруп жатат» деп баалап да жиберди…

Анткен менен, эл толкундоосу басылбай, нааразы эл Алматы шаарынын акимчилигин, президенттин резиденциясын жана бир топ мамлекеттик имараттарды басып алышканы, массалык башаламандыкта 8 адам набыт болгону маалымат катары айтылууда…
А биз… боордош казак эли уюткулуу улут катары кыйын кырдаалдан акылмандык менен чыгып кетээрине ишеним артабыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Орусия аскерлери Казакстанга бара жатканын Орусия медиасына шилтеме кылып  «centralasia.media»жазып чыкты. Бул тууралуу кенен маалымат беребиз…

One thought on “ВИДЕО — Кыргызстан аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы пикетке чыккандар Байсаловдун жообуна нааразы болушту…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.