ЖАПАРОВ: «Митингге чыгып жаткан казак туугандарды аткыла!» деп армиябызды жиберип жаткан жокпуз!»

ЖАПАРОВ: «Митингге чыгып жаткан казак туугандарды аткыла!» деп армиябызды жиберип жаткан жокпуз!»
Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) алкагында, президент Садыр Жапаров Казакстанга Кыргызстандан армия жөнөтүп жатканы тууралуу кайрылуусун «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу  билдирди. Эч өзгөртүүсүз, толугу менен төмөндөн окуй аласыздар…

Садыр ЖАПАРОВ: «Урматтуу депутаттар, каршы болбогула деп суранып кетет элем»

— Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу депутаттар!
Боордош коңшу Казакстанда болуп жаткан жагдай боюнча, ар ким ар кандай ой-пикир айтып, 20-30дай популист жаран жеке кызыкчылыктары үчүн ушундай трагедиядан өздөрүнө пиар жасап калайын деген максаттарды көздөп, Ак үйдүн алдына чыга калышты. Менин сиздерден суранарым, мындай трагедиядан арзан пиар кылгандан алыс болсоңуздар. Силер эле мекенчил, акылдуу болуп, биз болсо көчөдө жүргөн адамдар эмеспиз. Биз дагы «жети өлчөп, бир кесип» жатабыз. Биз армиябызды «митингге чыгып жатышкан казак бир туугандарды аткыла!» деп жиберип жаткан жокпуз. Өз элин атпаган аскерлерибиз казак бир туугандарыбызды дагы атпасына терең ишенебиз. Тескерисинче туруктуулукту орнотконго жардам бергиле деп жөнөтүп жатабыз.
Кандай жардам?
Азыр ушул тапта Казакстанда көптөгөн мамлекеттик стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчтөрү жетишпей турган мезгил экен. Бизден жардам сурады. Биз жардам беришибиз керек. Анткени ЖККУнун туруктуу мүчөсүбүз. Келишимге мурда эле кол коюлуп, Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөн экен. Кайсы жерге барышат, кандай мекемени кайтарат жана башка маселелердин баарын такташып алып, анан жардам берели дедик. Айрым депутаттар дагы популисттердин айынан каршы пикирлерин айта башташты.
Урматтуу депутаттар! Каршы болбогула деп суранып кетет элем. Кам санабагыла. Азыр Казакстанда абал турукташып калды. Ошентсе дагы колубуздан келген жардамыбызды берип коелу. Коңшуларыбызда тынчтык болсо, бизде дагы тынчтык болот.

Жогорку Кеңеш жыйыны эртең болот…

Казакстандагы абал жана ал жакка аскерибиздин барышы боюнча Жогорку Кеңеш депутаттары бүгүн, 6-январда, чукул жыйын өткөрүшмөк. Тилекке каршы, кворум (каттоодон 39 гана депутат өттү) жок, эрте=киге —  7-январга жылды. Кворум үчүн 90 депутаттын жарымы — 46сы катышуусу керек.

Анан, Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңеш депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Белгилей кетсек, бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин жыйынына баяндамачы катары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дайындалган. Мындан сырткары, ага Казакстандагы окуяларга реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды ыкчам жетектөө милдети да жүктөлгөн.

Эми президенттин жогорку кайрылуусун эртең колдоп беришеби же жокпу, ал депутаттардын абийириндеги, иш-милдетиндеги, позициясындагы иш. Эл болсо биздин армиянын барышына каршы. Себеби, биздин балдарга ал жакта эч ким кол көтөрбөйт, кырдаал колдон чыгып кокустуктар болуп кетпейт деген кепилдикти ким бере алат? Эмне болуп кетээрин бир гана кудай билет…

Элдин толкуну эмнеден улам башталды?

Нааразычылык акциясы Казакстандын Мангыстау облусундагы мунай калаасы Жаңы-Өзөндө 2-январда башталган. 31-декабрда 100 теңге турган суюлтулган газ баасы бир түндө 120 теңге (23, 9 сом) болуп кескин кымбатташына нааразы эл борбордук көчөлөрдүн бирин жол кыймылын токтотуп тосуп, газ баасын 50-60 теңгеге түшүрүү талабын коюшкан.

Бирок Казакстан энергетика министрлиги менен облустук бийлик өкүлдөрүнүн бул талап орундалышы мүмкүн эместиги айтылган «Азыр биржада бир литр газ 70-85 теңге, бул газды ташуу операциялык чыгымдарды кошпогондогу сумма. Мурдагы 60 теңгелик бааны кайтаруу мүмкүн эмес» деген билдирүүсү кошумча болуп, Жаңы-Өзөндөн башка да газ баасы эки эсе кымбаттаган Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында да эл нааразылыгы башталып, толкундоолор жанданып, 4-январда күчөп, 5-январга караган түнү Алматы шаарында күч органдары менен элдин ортосунда кагылышуулар да болгон.

Ошол күнү эртең менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, Коопсуздук кеңешин эми Нурсултан Назарбаев эмес, өзү жетектей турганын, эч жакка кетпестигин, эл менен болорун айтып эки жолу элге кайрылып, бирок көп узабай Коопсуздук кеңеш жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү башаламандыкты токтотуп, тартипти орнотуу максатында деп Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сурап кайрылды. Ал кайрылуусунда өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия», «чет жактан олуттуу даярдыктан өткөн террорчулар уюштуруп жатат» деп баалап да жиберди…

Токаев кайрылган уюмга учурда төрагалык кылып жаткан Армения премьер-министри Никол Пашинян 6-январда: «Казакстан президенти К.-Ж.К.Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу жана Казакстан Республикасынын улуттук коопсуздугуна жана эгемендигине сырттан кийлигишүү да себепчи болгон коркунуч жаралгандыгынан улам ЖККУнун Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишимдин 4-беренесине ылайык» Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелүү убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн Фейсбук аркылуу  билдирип, Орусия аскерлери Казакстанга барганын Орусия медиасына шилтеме кылып  «centralasia.media» жазып чыкты. Андагы маалымат боюнча,  ЖККУ бейпилдик күчтөрүнө Россиядан аба-десанттык аскер бөлүмү кошулуп, ал аскерлер түшкөн Ил-76 учагы Чкаловский аэродромунан учуп кеткен…

Маалымат үчүн, ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Айтмакчы, 30 жылдай Казакстанды башкарып, 2019-жылы март айында президенттиктен кеткен Назарбаевге Коопсуздук кеңешин көзү өткөнчө башкаруу укугу өлкөнүн биринчи президенти жана Коопсуздук кеңеши тууралуу эки мыйзам менен бекитип берилген болчу… Башчысы түбөлүк бекиген Коопсуздук кеңештин укуктук макамы да өзгөргөн — консультациялык-кеңеш берүүчүдөн конституциялык органга айланган. Тагырагы, Казакстандын конституциялык түзүмүн, коргонуу, коопсуздугун камсыз кылуу бирдиктүү мамлекеттик саясатын координация кылуу бийлиги берилип, кеңештин жана анын төрагасынын бардык чечимдерин өлкөнүн бардык мамлекеттик органдары, кызмат адамдары кыйшаюусуз аткарууга милдеттендирилген. Эми бул укук Токаевдин өзүнө өтүптүр… формалдуубу, формалдуу эмеспи, ал да билинер…

Баарыбыздын кааларыбыз — өз жергебизде да, алыскы-жакынкы боордош элде да — амандык, тынчтык жана аларды камсыз кылчу акыл-эстүү кадамдар-чечимдер…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

2 thoughts on “ЖАПАРОВ: «Митингге чыгып жаткан казак туугандарды аткыла!» деп армиябызды жиберип жаткан жокпуз!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.