Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Казакстанга эч ким кол салган жок. Өз эли көтөрүлүп атат. Ага биздин аскерлерди жөнөтүү кыянаттык»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Казакстанга эч ким кол салган жок. Өз эли көтөрүлүп атат. Ага биздин аскерлерди жөнөтүү кыянаттык»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 6-январда, чукул жыйын өткөрдү. Анда ал Кыргызстан ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишим уюму) алкагында өзүнүн өнөктөштүк милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин тастыктай турганын, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу коңшу мамлекетке колдон келген колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Эрбол СУЛТАНБАЕВ: «Кыргызстандын аскерлери Казакстанга тынчтыкты орнотуу үчүн жөнөтүлөт»

Бул маселе боюнча президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таратты. Ал маалыматта: «Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган учурда Кыргыз Республикасынын аскерлери ЖККУнун Уставына ылайык, жамааттык күчтөрдүн курамында Казакстан Республикасына тынчтыкты орнотуу ишмердиги үчүн жөнөтүлөт.
Кыргызстандын тынчтык орнотуучулары стратегиялык маанидеги объектилерди коргоого тартылат.
Кыргызстандын аскер кызматкерлери Казакстан Республикасындагы акциялардын катышуучуларына карата эч кандай аракеттерге тартылбай турганын өзгөчө белгилейбиз” деп жазылган.

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «ЖККУ бизге Тажикстан кол салганда таш алып бергенге жараган жок» 

Бийликтин мындай чечимине эл нааразы. Айрым жарандар бүгүн Кыргызстандын аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы болуп, Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыгышкан.
Белгилүү журналист, акын, котормочу, конфликтолог, мекенчил агабыз Жыргалбек Касаболот ар бир кырдаалда өз учурунда ой-пикирин билдирип, «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырып турат. Бул жолу да Казакстандагы кырдаал боюнча жазды. Ал макаласын төмөндөн окуй аласыздар. Алгач Министрлер кабинетинин чечими тууралуу жазган пикирин окуңуздар: 
— Казакстанда эл менен бийликтин ортосунда ушундай ажырым турганда казак бийлигине жардам берүү тууралуу чечим — биздин бийликтин кылганы — эки өлкөнүн ортосундагы мамиле үчүн да, биздин өзүбүздүн өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн да жеткен кыянаттык.
Бул чечим ЖККУнун бардык принциптерин бузат. Казакстан бизге кол салган жок. Казакстанга да тыштан эч ким кол салган жок. Өз эли көтөрүлүп атат. Бир эле жери болсо бир жөн. Бардык шаарларында көчөгө чыгып жатат. Анан ошого каршы биздин аскерлерди жөнөтүү — бул эки элдин арасына атайылап эле от жаккысы келгендердин кылганы. Ал тургай бизде бир нече жолу көтөрүлүш болгондо да казактар биздин элге каршы аскерлерин жөнөткөн эмес.
Ал эми өзүнүн мамлекет аралык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттенмесин бул уюм кандай аткарды? ЖККУ бизге Тажикстан кол салганда таш алып бергенге жараган жок. Жок эле дегенде арачалап койгон эмес. Ошол уюмдун эмнесине кызмат кыласыңар?
Андай кыйын аскерчил экенсиңер, Баткенде кан күйүп атканда эмне үчүн чек араны коргоп калган жоксуңар? Эмнеге эртеси Рахмонго келинче жүгүнүп жетип бардыңар?
Назарбаев да, Токаев да акыр аягы ӨЛӨТ. Анткени ал жаратылыштын мыйзамы. Ошондо казактардын бетин кантип карайсыңар?

Токаевдин «москвачылыгы»

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өз элине орус тилинде кайрылып, ЖККУнун аскерлерин казак жериндеги тополоңду басыш үчүн чакырды. Аны «көтөрүлүштү уюштургандар чет элден даярданганы» менен негиздеди. Анысына бир да далил келтирген жок. Өкмөттү кызматтан кетирүү да кемчиликтерди моюнга алуу иретинде эмес, аргасыз амал катары жасалды. Бул элдин нааразылыгын басууга өбөлгө түзбөйт. Эгер бийлик тополоңду баскысы келсе, аны башкарып алышы керек болчу.
Жалпысынан бул окуя казак бийлиги түпкү кызыкчылыгы жагынан да, аң-сезими жагынан да өз элинен канчалык алыс экенин көрсөтүүдө. Анткени ушундай кыйчалыш кырдаалда өз элине башка тилде кайрылып, анан ошол тилдин ээси болгон элдин аскерлерин өз өлкөсүндөгү тополоңду басыш үчүн чакыруу — бул эң жогорку деңгээлдеги ачыктан-ачык мамлекеттик чыккынчылык катары баалана турган нерсе.
Мындан бир нече жыл мурун Орусиядагы кыргыз мигранттарынын арасында «москвачылык» деген термин тарап кеткен. Анын мааниси — мекенинде жакшынакай үй-бүлөсү, балдары болсо деле Москвага иштегени барганда аялы-эркеги деле башка бирөөлөр менен мамиле түзүп, үй-бүлө күтүп кеткендер болгон. Ал го айла жоктун иши экен. Бирок КМШ аймагында, анын ичинде биздеги саясий жетекчиликте деле өздөрү кайсы элдин өкүлү экенин таптакыр унутуп калган аткаминерлер көп. Касым-Жомарт Токаев деле кайсы элдин президенти экенин унутуп калды окшойт. Тилекке каршы, ал жалгыз эмес. Бизде андай көрүнүштөр ого бетер көп.
Эгерде казак бийлиги кимдир-бирөөнү эл аралык террорчу деп айыптаса, анда алар кайсы уюмдан экенин, артында кайсы мамлекеттер турарын расмий, ачык айтыш керек. Ал башка булактар аркылуу далилдениши керек. Айта албаса — жалаа.
Тескерисинче, Казакстандагы элдик толкундоодо бирдиктүү лидердин, конкреттүү штабдын жоктугу бул чыныгы элдик көтөрүлүш экенин, уюштурган эч ким жок экенин көрсөтүп турат. Маселелер көп жыл бою бышып жетилген, ал эми анын катализатору — бийликтин олдоксон аракеттери болду. Ошол эле учурда бирдиктүү лидердин жоктугу туруксуздуктун коркунучун да күчөтөт. Эгер бийлик алмаша турган болсо, мурдагы бийликтин ордуна келчү жаңылары даяр болуп, ал тез арада ордун ээлегени жакшы. Антпесе эгемендикке коркунуч күчөй берет.
Күч түзүмдөрүнө каршы колдонулганы айтылып жаткан курал ошол түзүмдөрдүн аскерлеринен тартып алынган. Бул 2010-жылы «Форумдун» алдына курал менен барып, аны тарттырып ийгенден кийин жоопкерчиликти элге жүктөгөн бийликтин сценарийине окшоп турат. Бийлик мындай учурда кимди болбосун атып өлтүрүп, аны көтөрүлүштүн катышуучуларына шылтай берерин Кыргызстандын тажрыйбасы көрсөткөн.
Тилекке каршы, эл башындагы эң чоң жегичтер үчүн кырдаалдан кутулуунун эң оңой жолу — өзү жеген акча үчүн өз өлкөсүн карызга батырып эч нерсе билбегенсип четке чыга берүү, анын кызыкчылыгын башка мамлекетке сатып кетүү, анан өзүнөн башкалардын баарын күнөөлөп отура берүү. Бул кыргыз эли башынан өткөргөн, балким дагы өткөрө турган тажрыйба.
Азырынча биз ойлоно турган нерселердин биринчиси — Казакстан аркылуу келип жаткан товарлардын өздүк наркы жана баасы. Күйүүчү май кымбатташы күмөн, анткени ал бизге Орусиядан келет. Бирок башка товарлар кымбатташы толук мүмкүн. Бул бизде ансыз да кыйынчылыкка учурап жаткан экономикалык абалга ого бетер сокку ура турган жагдайлардын бири.
Экинчи алына турган сабак — кыргыз бийлиги Асман шаары сыяктуу карызга батыра турган, көбүнчө зыяндуу демилгелерден баш тартып, чек араны бекемдеп, орто жана чакан бизнеске зыян келтире турган кадамдардан карманып турганы дурус.
Үчүнчү тыянак — кыргыз дипломатиясы 44 орус мектеби эмнелерге алып келерин туура түшүнүп, Орусиянын Украинадагы, Беларустагы жана Казакстандагы арааны Кыргызстандын эгемендигине да коркунуч келтирерин түшүнө турган убак келди.
Андыктан расмий Бишкек Казакстанда абал толук турукташып, казак эли өз тагдырын өзү чечмейинче кырдаалга кийлигишүүнүн гуманитардык жардамдан башка варианттарынан карманып эле турганы дурус. Орус бийлигине жан тартып же Москванын позициясына кошулган билдирүүлөр кыргыз дипломатиясына зыян гана алып келет. Айрыкча ЖККУнун курамында Казакстанга кыргыз аскерлерин киргизүү эки элдин мамилесине оңбогондой кыянаттык болот. Ага ЭЧ УБАКТА барбаш керек.
Анткени биринчиден эртеңки күнү ошондой эле ыкма бизге каршы колдонулбайт деген кепилдик жок. Ошондуктан Крымды Орусияныкы деп таануу да расмий Бишкек үчүн эң жаңылыш кадамдардын бири болгон. Анын коркунучу али алдыда. Экинчиден эң опурталдуу чек ара чатактарында, өзгөчө Тажикстандын тажаал агрессиясында бизге таш алып бергенге жарабаган бул уюмдан эч кандай практикалык пайда жок экенин турмуш далай жолу көрсөттү. Анан эң негизгиси — Токаев да, Назарбаев да акыры жок болот, ал эми кошуна деген түбөлүк нерсе. Ошондуктан алысты ойлойлу.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ

Казак элинин толкуну эмнеден башталып, эмне болуп уланды?

Нааразычылык акциясы Казакстандын Мангыстау облусундагы мунай калаасы Жаңы-Өзөндө 2-январда башталган. 31-декабрда 100 теңге турган суюлтулган газ баасы бир түндө 120 теңге (23, 9 сом) болуп кескин кымбатташына нааразы эл борбордук көчөлөрдүн бирин жол кыймылын токтотуп тосуп, газ баасын 50-60 теңгеге түшүрүү талабын коюшкан.

Бирок Казакстан энергетика министрлиги менен облустук бийлик өкүлдөрүнүн бул талап орундалышы мүмкүн эместиги айтылган «Азыр биржада бир литр газ 70-85 теңге, бул газды ташуу операциялык чыгымдарды кошпогондогу сумма. Мурдагы 60 теңгелик бааны кайтаруу мүмкүн эмес» деген билдирүүсү кошумча болуп, Жаңы-Өзөндөн башка да газ баасы эки эсе кымбаттаган Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында да эл нааразылыгы башталып, толкундоолор жанданып, 4-январда күчөп, 5-январга караган түнү Алматы шаарында күч органдары менен элдин ортосунда кагылышуулар да болгон.

Ошол күнү эртең менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, Коопсуздук кеңешин эми Нурсултан Назарбаев эмес, өзү жетектей турганын, эч жакка кетпестигин, эл менен болорун айтып эки жолу элге кайрылып, бирок көп узабай Коопсуздук кеңеш жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү башаламандыкты токтотуп, тартипти орнотуу максатында деп Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сурап кайрылды. Ал кайрылуусунда өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия», «чет жактан олуттуу даярдыктан өткөн террорчулар уюштуруп жатат» деп баалап да жиберди…

Токаев кайрылган уюмга учурда төрагалык кылып жаткан Армения премьер-министри Никол Пашинян 6-январда: «Казакстан президенти К.-Ж.К.Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу жана Казакстан Республикасынын улуттук коопсуздугуна жана эгемендигине сырттан кийлигишүү да себепчи болгон коркунуч жаралгандыгынан улам ЖККУнун Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишимдин 4-беренесине ылайык» Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелүү убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн Фейсбук аркылуу  билдирсе, Орусия аскерлери Казакстанга барганын Орусия медиасына шилтеме кылып  «centralasia.media» жазып чыкты. Андагы маалымат боюнча,  ЖККУ бейпилдик күчтөрүнө Россиядан аба-десанттык аскер бөлүмү кошулуп, ал аскерлер түшкөн Ил-76 учагы Чкаловский аэродромунан учуп кеткен…

Маалымат үчүн, ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Айтмакчы, 30 жылдай Казакстанды башкарып, 2019-жылы март айында президенттиктен кеткен Назарбаевге Коопсуздук кеңешин көзү өткөнчө башкаруу укугу өлкөнүн биринчи президенти жана Коопсуздук кеңеши тууралуу эки мыйзам менен бекитип берилген… Башчысы түбөлүк бекиген Коопсуздук кеңештин укуктук макамы да өзгөргөн — консультациялык-кеңеш берүүчүдөн конституциялык органга айланган. Тагырагы, Казакстандын конституциялык түзүмүн, коргонуу, коопсуздугун камсыз кылуу бирдиктүү мамлекеттик саясатын координация кылуу бийлиги берилип, кеңештин жана анын төрагасынын бардык чечимдерин өлкөнүн бардык мамлекеттик органдары, кызмат адамдары кыйшаюусуз аткарууга милдеттендирилген. Эми бул укук Токаевдин өзүнө өтүптүр… формалдуубу, формалдуу эмеспи, ал да билинер…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Казакстанга эч ким кол салган жок. Өз эли көтөрүлүп атат. Ага биздин аскерлерди жөнөтүү кыянаттык»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.