HRW: «Эскертүүсүз ок атуу буйругунан баш тартыңыздар, бул мыйзамсыз!». Токаев буйрук бергенин айткан эле…

HRW: «Эскертүүсүз ок атуу буйругунан баш тартыңыздар, бул мыйзамсыз!». Токаев буйрук бергенин айткан эле…

Дүйнөнүн адам укуктарына жасаган мамилесине байкоо салып турган Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин эскертүүсүз ок атууга берген буйругунан баш тартууга чакырып, мыйзамсыздыгын баса белгиледи. Аталган уюмдун өкүлү Летта Тайлер Казакстан эгемендик жылдар ичиндеги эң катаал кризисти башынан кечирип жатканын айтып, билдирүү таратышты. Андагы билдирүүдө казак бийлигинин буйругу тез арада жокко чыгарылышы керектиги, эл аралык укук эрежелерине жана Казакстандын милдеттенмелерине каршы келээри жазылган. «Полиция жана куралдуу күчтөр адам өмүрүн коргоого болгон аракетин көрүп, аргасыз учурда гана курал колдонууга барышы керек! Тиешелүү органдар зомбулук жана адам өлтүрүү боюнча билдирүүлөргө оперативдүү жооп берип, көз карандысыз иликтөө жүрүшүн камсыздашы абзел!» деп жазылат билдирүүдө.

ТОКАЕВ: «Террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим»

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 7-январда, мамлекеттик телеканалдар аркылуу кайрылуу жасап, соңку кырдаал боюнча маалымат да берген. Анын айтымында, өлкөдө антитеррордук операциялар уланып, алар мамлекеттик, жеке менчик мүлктөргө зыян келтирүүдө. Ошондон улам, ал укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук берген.

«Бандиттерди, террорчуларды жок кылыш керек, бул жакын арада толук аткарылат!» деп билдирген Токаев.

«Биз карапайым калкпыз. Биз — террорист эмеспиз!»

Боордош казак эли президенти Токаевдин айткандарын четке кагып, «Биз карапайым калкпыз. Биз — террорист эмеспиз!» деп плакаттарга жазып алып, жолдо, талаада зар какшап айтып турушат…

30 жылдан бери чыдашканын, акыры жарылышканын да айтып чыгышууда…

Айтор, кошуна мамлекетте тынчтык калыстык менен орноп,  карапайым боордошторубузду бөөдө кырсык баспаса экен, байкабай, сырттан жардамга барган жоокерлерден ок атылбаса экен деп Кудайдан тилейбиз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.