ТАШИЕВ: «Ооруканадан толук айыга электе өтө маанилүү маселени чечүү үчүн чыгууга туура келди» (Видео)

ТАШИЕВ: «Ооруканадан толук айыга электе өтө маанилүү маселени чечүү үчүн чыгууга туура келди» (Видео)

Камчыбек ТАШИЕВ: «Четте унчукпай карап турган болбойт!»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Казакстанга аскерлерди жиберүү боюнча кечээ, 7-январда кабыл алынган чечим тууралуу пикирин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

— Урматтуу мекендештер!

Мен бүгүнкү кырдаал боюнча түшүндүрмө берейин деп чечтим, биз дагы так ушундай башаламандыкты басып өттүк, анан кантип жай тургундарды талап-тоноого, өлтүрүүгө бармак элек. Четте унчукпай карап турган болбойт. Баары баштагы калыбына келгенден кийин гана өздөрү андан аркысын эптеп кетишет. А азыр көптөгөн аң-сезимдүү жарандар тынчтыкты каалап турганда жардам беришибиз керек. Коңшу өлкө жардам сурап жатат, четте туруу туура келбейт, биз ошол аймактагы тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн аракет кылабыз. Мен биздин өлкөбүздүн жарандарын түшүнүп турам, баарыбыз кабатыр болуп жатабыз. Мен баарыңыздар туура түшүнөсүздөр деп ишенем, мен дагы адаммын, абдан санааркап жатам, азыр тез жана ыкчам аракет кылуу керек.

P.S. Өтө маанилүү маселени чечүү үчүн ооруканадан толук айыга элек жатып чыгууга туура келди. Ооруп калганым үчүн кечирим сурайм, рахмат.

7-январдагы 7 эл өкүлүн эл эмнеге алкады?

Кечээ, 7-январда, Жогорку Кеңеш депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында, биздин аскерлерди ал жакка жөнөтүү маселесин карап, алгач ачык талкуулап, аягында жабык эшик артында чечим кабыл алышкан. Парламент жыйынына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров орун басарлары менен, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков, ТИМ башчысынын орун басары Ниязалиев катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришкен.

Жыйын башталганда төрага Талант Мамытов «53 депутат каттоодон өттү, кворум бар» деп, бирок айрым эл өкүлдөрү «башка партия лидерлери эмнеге жок, башка депутаттарчы, келишсин, чакыргыла» деп жатып чакыртышты окшойт, жабык эшик артына 70тен ашык депутат топтолуп, чечим кабыл алынганда 69 депутат колдоду болуп калыптыр… 7 депутат каршы чыгып, элдин алкоосуна татыды.

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ: «Кыргыз жоокери бир нерсе болсо жоопкерчилик Жогорку Кеңештин депутаттарында болот» 

Албетте, мындай чечимди кабыл алуу кыйындыкка турду, парламентте талаш-тартыш болду. Ташиевден катуу кагуу жеп, тил уккандар болду. Алардын бири — Нуржигит Кадырбеков. Ал эгер кыргыз жоокери бир нерсе болсо жоопкерчилик Жогорку Кеңештин депутаттарынын мойнунда болорун эскертти. «Кыргыз жоокери кокус бир нерсе болуп кетсе, жоопкерчиликти депутаттар алат. Анткени биздин чечим менен кабыл алып жатат да бул маселе. Андыктан мен адамдын каны үчүн жооп берүүгө даяр эмесмин!», — дегенде Камчыбек Ташиев: «Бул чечилген чечим. Президенттин сунушу. Биз көчөдөн келип эле силерге жалынып-жалбарып жаткан жокпуз! Добуш бере албасаңар, анда укчукпай отургула, урматтуу депутаттар! Пиар жасабагыла,  саясатташтырбагыла!»,-деп ачууланган.

Чыңгыз АЙДАРБЕКОВ: «Башка өлкөгө аскер күчтөрүн жөнөтүүнү Жогорку Кеңеш чечет»

Депутат Чыңгыз Айдарбеков да орчундуу, орундуу суроо бере калам деп Ташиевге жакпай калды. Ал эгер ЖККУнун бир эле өлкөсү макулдук бербесе, анда жалпы чечим кабыл алынбай турганын баса белгиледи.
“ЖККУнун чечимдери консенсустун негизинде кабыл алынат. Эгер бир эле өлкө каршы болсо чечим өтпөйт. Биздин өлкөдө аскер күчтөрүн жөнөтүүнү Жогорку Кеңеш чечет. ЖККУ Уставынын 5-беренесинде “Агрессия жасалган учурда” деп турат. Агрессия ким тарабынан болду? Андан кийин: “Жамааттык коргонуу иштери жасалат” деп жазылган. Кимден коргонот? Өз элиненби?” — деген суроолорду кабыргасынан койду.

Камчыбек ТАШИЕВ: «Эгер добуш бере албасаң, анда жакшынакай болуп унчукпай отуруп бергиле!»

Депутаттын мындай суроолору Ташиевге жакпай калдыбы, айтор, анын мындай суроолорун пиар катары кабыл алды. “Урматтуу депутаттар, азыр өзүн пиар кылууга убакыт болбой жатат. Мамлекетти дагы ойлошубуз керек. Биз эми көчөдө жүргөн адамдар эмеспиз да, сиздердин алдыңыздарга жалынып-жалбаргыдай. Өзүбүз үчүн эмес, силер, мамлекет, коомчулук үчүн чечип жатабыз. Эртең бир нерсе болсо Нуржигит Кадырбеков жооп бербейт, ал “мен адамдардын канынан корком” деп коюп отурат ошол креслосунда. Ошондуктан, депутаттар, мен сиздерди дагы бир жолу чакырып кетем, азыр өзүн пиарлап, саясат кыла турган убакыт эмес. Мамлекеттик деңгээлде, президент кабыл алган чечим. Эгер добуш бере албасаң пиарланбай, канды оозуңа албастан жакшынакай болуп унчукпай отуруп бергиле! Азыр жети чек ара постунун төртөө жабылды. Эртең баары жабылгандан кийин Кадырбеков унду желкесине көтөрүп ташып келип береби?», деп агынан жарылды.

Нуржигит Кадырбековдун жообун төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүздөр:

Президенттин Жарлыгы менен кыргыз жоокерлери кечээ жөнөп кетти!

Акыры бийлик ойлогондой чечим кабыл алынып, кечээ кечинде Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аскердик контингентин Казакстан Республикасынын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү жөнүндө» Жарлыгына кол койду.

Ошентип, «Скорпион» атайын бөлүгүнүн 150 офицер жоокери, брондолгон 19 техника Кант авиабазасынан кечээ жөнөтүлдү.

«Ал жакта провокация болбойбу? Биздин аскерлердин коопсуздугуна кепилдик барбы?» сыяктуу суроолорду депутаттар жыйында узатканда, ага Ташиев жооп берген. Ал: «Эч ким эч кимге кепилдик бере албайт!» деп ачык эле кесе айткан. Эмне дейбиз, арга жок, айла жок, кыргызымдын жигиттерине амандык тилеп, ак батабызды берип, Кыргызстанга түгөл кайтып келишин Кудайдан тилек олтурабыз.

Маалымат үчүн, ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.