ТУРСУНАЛИЕВА: «Казакстан бийлиги Рузахуновду бошотуп эле тим болбой, расмий кечирим сурашы керек!»

ТУРСУНАЛИЕВА: «Казакстан бийлиги Рузахуновду бошотуп эле тим болбой, расмий кечирим сурашы керек!»

Көп жылдан бери маданият тармагында жигердүү эмгектенип келаткан белгилүү алып баруучу Элмара Турсуналиева Кыргызстандын музыканты Вихрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышынын чоо-жайы тууралуу  туура эмес маалымат тараткандыгына байланыштуу 3 (кыргыз, орус, англис) тилде Казак бийлигине кайрылды.

  • — Казакстан бийлиги Вихрам Рузахуновду бошотуп эле тим болбой, өлкөнүн бардык мамлекеттик телеканалдарынан расмий кечирим сурашы керек. Алар Кыргыз Республикасынын бир жаранын эле жаманатты кылбай, бүтүндөй боордош Кыргызстан элинин намысын тебеледи.
  • — Власти Казахстана обязаны не только освободить Викрама Рузахунова, но и официально принести извинения на всех официальных телеканалах страны. Они опорочили достоинство не только одного гражданина КР, но и растоптали честь братского народа Кыргызстана.
  • — The Kazakh authorities are obliged to release Vikram Ruzakhunov, they must also officially apologize on all official TV channels in the country. They defamed the dignity of not only one citizen of the Kyrgyz Republic, but also trampled on the honor of the brotherly people of Kyrgyzstan.

Митингге чыккан ырчылардын билдирүүсү

Дүрбөлөңгө салган видео социалдык түйүндөргө чыгар менен Кыргызстанда кыйла нааразычылыктарды жаратты. Интернет колдонуучулар ал кармалган адам белгилүү музыкант экенин, 200 доллар үчүн жалданып митингге барбай турганын айтып чыгышса, ушундай эле пикирлерди айтып белгилүү ырчылар Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая, Ырыскелди Осмонкулов, башка да музыканттар, бир катар укук коргоочулар, жөнөкөй жарандар Казакстандын биздеги элчилигинин алдына Викрам Рузахуновду колдоп митингге чыгышты. Анын толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Бул митингдин алдында Кайрат Примбердиев ТИМге чукул кайрылуу жасаган:

ТИМ Казакстандын элчилигине нота тапшырды

Биздин ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев биздин Тышкы иштер министрлигине чакырылган.  Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадумаров ага Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырып, Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада уюштуруп берүүсүн жана аны жакынкы арада бошотуу талабын айткан.

Албетте, казак элчиси кыргыз тараптын тынчсыздануусун түшүнүү менен кабыл алган жана айтылгандардын баары Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине тез арада жеткирилерин жана кенен маалымат жакынкы аралыкта берилерин, Казакстандын компетенттүү органдары окуянын бардык жагдай-себептерин тактап, кылдат иликтөө жүргүзөрүн убада кылган. Андан тышкары тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев да жаралган жагдай боюнча Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары М.Сыздыков жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Жошыбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу чет элдик жарандардын катышуусу тууралуу текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана жарыялоого чакырган. Консулдук мамилелер боюнча эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы тууралуу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өз убагында маалымат берүү зарылдыгын эскерткен.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору В.Рузахуновдун жакындарын кабыл алып, сөздөрүн угуп, тышкы иштер министрлиги кандай иш-аракеттерди кылып жатканын болушунча түшүндүрүп берген экен…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.