ТАШИЕВ: «Викрам Рузахунов террорчу эмес, музыкант. Казакстандын телеканалы тараткан маалыматы туура эмес»

ТАШИЕВ: «Викрам Рузахунов террорчу эмес, музыкант. Казакстандын телеканалы тараткан маалыматы туура эмес»

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун жалган жалаа менен Казакстанда кармалышына нааразы болгон ырчылар Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая, Ырыскелди Осмонкулов жана укук коргоочулар, жөнөкөй жарандар Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдына бүгүн, 9-январда, митингге чыгышты. Алар биздин музыкант баланы Кыргызстанга алып келүүнү жана казак Ички иштер министрлигинен Рузахунов тууралуу жалган маалыматты төгүндөөнү талап кылышты. Мындан тышкары, алар «Казакстандагы соңку окуяларга катышы бар» делип кармалгандар арасында Кыргызстан жарандары бар-жок экендигин дыкат текшерүүнү Казакстан президентинен, биздин акыйкатчы, депутат, Тышкы иштер министрлигинен өтүнүштү, суранышты, талап кылышты.

Рузахуновго, ал жактагы башка жарандарыбызга тынчсызданып казак элчилигинин алдына топтолгондордун, жалпы элдин көңүлүн жай кылайын деп УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү келип, чыккан видео боюнча расмий бийлик кылып жаткан иш-чараларды айтты, жагдайды түшүндүрдү.

«Биздин жарандарды террорчулукка айыптап жатканда, биз жөн отуруп бербейбиз» деген Камчыбек Кыдыршаевич: «Азырынча казак тараптан расмий кайрылуу келе элек. Бирок видео расмий телеканалдардын бардыгында көрсөтүлүп жатат. Биздин өлкөнүн ак ниет жаранын, музыкантты, коомдук иш менен алектенген адамды террорчу катары көрсөтүшкөнү бизге катуу эле тийди. Тергөө иштерин жүргүзүп жаткандар же жаңылышты, же «өздөрүн ашыкча көрсөткүлөрү келген» деди.

«Таң эрте бардыгын текшердик, Рузахунов мурда бир дагы башаламандыкка, көчө жүрүштөрүнө аралашкан эмес. Туура эмес учурда туура эмес жерде болуп калгандыр, бирок ал эч кандай террорчу эмес. Коңшу өлкө биздин жаранды террорчулукка айыптап жатканда жөн отурбайбыз. Эгер керек болсо, биргелешип иликтөө жүргүзгөнгө даярбыз. Тергөө тобун, адистерди жиберип жараныбызды бардык жактан коргойбуз. Казакстандын мамлекеттик каналдары аркылуу тараган маалымат туура эмес маалымат. УКМК төрагасы катары айтам, биздин өлкөдө эч кандай террорчу жок. Эгер чыга турган болсо, тийиштүү чараларды көрөбүз. Казакстанда мурдатан иштеп жүргөн кыргызстандыктар митингге аралашып калышы мүмкүн. Бирок андай фактылар тууралуу да расмий эч кандай тастыктоо жок. Атайын кызматтын башчысы катары айтып коёюн, кандайдыр бир иштерди жасоо үчүн Кыргызстандан коңшу өлкөгө террорчулар кирип барды деген да туура эмес, андай болбойт дагы! Алар окуяларды иликтөө жаатында риториканы өзгөртүшү керек! Биздин, Кыргызстандын жарандарын террорчулукка айыптоо туура эмес! Биздин өлкөдө террорчулар жок деп жоопкерчилик менен айта алам!» — деген УКМК төрагасы Ташиев Рузахунов боюнча бардык маалыматтар Казакстандын тийиштүү органдарына жиберилгенин жана Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине нота берилгенин билдирди.

ИИМ: «Викрам Рузахунов Алматыга концерттик программаны алып баруу үчүн  чакырылган»

Эске салсак, бүгүн мамлекеттик «Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы» кечээ жакындагы башаламандыктарга катышкан деп шектелип кармалган, бети-башы көк-ала болуп сабалган адамдын «Кыргызстандан Казакстанга митингге катышуу үчүн келгем» деп көрсөтмө берип жаткан видеосун чыгарышкан. Анда бети-башы көк-ала болуп сабалганы таасын байкалган адам «митингге катышуу үчүн ага белгисиз бирөөлөр 90 000 теңге (болжолдуу 17 500 сом — ред.) сунушташканын, учакка билет алып берип, барганда батирге жайгаштырышканын, ал батирде андан башка Тажикстандан жана Өзбекстандан келген 10дой адам болгонун, тилди билбегендиктен алардын эмне деп сүйлөшүшкөнүн түшүнбөгөнүн, митинг башталганда коркуп катышпаганын, батирге кайтып келип, конуп, кийинки күнү үйгө кетейин дегенде Самсы айылынан аскерлер кармап калганын» эми-эми эсин жоготчудай араң айтып жатканы тартылган. (Айрым казак басылмалары Викрам чек арадан казак айылы Самсы аркылуу өтүп кетейин дегенде кармалган деп жазышкан. Самсы Алматы облусунун Жамбыл районундагы айылдардын бири — ред.).

Көп убакыт өтпөй ал бала ким экенин жакындары, туугандары, достору, кесиптештери, жакшы билгендер таанып, интернет айдыңы ызы-чуу түшүп эле калды: жакшы билгендер кармалган адам белгилүү музыкант Викрам Рузахунов экенин, ал 200 доллар үчүн жалданып митингге барбай турганын жазып чыгышса, ушундай эле пикирлерди айтып белгилүү ырчылар Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая, Ырыскелди Осмонкулов, башка да музыканттар, бир катар укук коргоочулар, жөнөкөй жарандар Казакстандын биздеги элчилигинин алдына Викрам Рузахуновду колдоп митингге чыгышты

Бул боюнча биздин Ички иштер министрлиги да Рузахуновдун жакындарынан алган маалыматтарга таянып ыкчам маалыматты таратты. Алардын белгилөөсү боюнча да, Викрам Рузахуновду жаңы жыл алдында Алматыга концерттик программаларды алып барууга чакырышкан. Ал Казакстанга билетти 2021-жылдын 16-декабрында сатып алган да, 2-январь күнү кечки сегизде Алматыга учуп кеткен. Музыкантты аэропорттон апасы Кундузхан Рузахунова небереси Аскат Сериков менен узаткан. Алардын Казакстанда туугандары болбогондуктан, Викрам Казакстандагы концерттик программаларга, музыкалык фестивалдарга чакыруу менен гана барып катышып, келип турган. Андыктан Ички иштер министрлигибиз биздин жарандын кармалышы боюнча бардык жагдайларды тактап, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатышканын жана биздин өлкөгө кирген-чыккан бардык жарандар Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан тыкыр көзөмөлдө экенин билдиришкен эле.

Кайрат ПРИМБЕРДИЕВ: «Викрам Рузахуновду сабап, коркутуп мойнуна алдырганы видеодон көрүнүп турат»

Белгилей кетсек, Казакстан ИИМинин соңку күндөрү кармалып жаткандардын арасында «коңшу мамлекеттин жарандары» бар экенин айтканы бар, бирок кайсы мамлекет экенин аташкан эмес. Алардын тастыктоосунда, 300дөй куралданган адамдар өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Соңку маалыматтар боюнча Казакстандын бардык жеринен 6 миңден ашуун адам кармалып, полицияга жеткирилген.

Кошумчалай кетсек, биздеги расмий маалыматтар боюнча, 100 миңдей кыргызстандык Казакстанда эмгек миграциясында жүрөт. Расмий эмес маалыматтар боюнча алардын саны андан да көп. Жарандарыбыз Казакстандын дээрлик бардык жеринде болушу мүмкүн, анткен менен көпчүлүгү Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарларында жашап, иштешет.

Андыктан биз дагы, биздин расмий бийлик кармалгандар арасында Кыргызстан жарандары бар же жок экенин дыкат текшерет, Рузахуновду жана непадам ушундай кокустукка кабылган жарандарыбыз чыкса, Кыргызстанга алып келишет, казак Ички иштер министрлигинин Рузахунов боюнча жалган маалымат таратканына баа берет деп ишенебиз… Болбосо, айрым ЖМКда Алматыдагы башаламандыктарга аралашкан деп Кыргызстандын жарандары дагы кармалганы тууралуу башка маалыматтар чыгып жатат дешет.

А биз бул жана башка окуя-жагдайларга, маалыматтарга соңуна чейин дыкат көз салып турабыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ТАШИЕВ: «Викрам Рузахунов террорчу эмес, музыкант. Казакстандын телеканалы тараткан маалыматы туура эмес»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.