Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы жарандардын кайда кайрылуу керектигин билдирди (Телефондор)

Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы жарандардын кайда кайрылуу керектигин билдирди (Телефондор)

ТИМ Казакстанда жашап жаткан жарандарыбызды чагымчылдыкка аралашпоого чакырат!

Биздин Тышкы иштер министрлиги Казакстан аймагындагы бардык мекендештерибизди ал жактагы бардык мыйзамдарды сактоого, жашоо эреже-шарттарын так карманууга, чагымчылдыктарга аралашпай, кагылыштарга катышпай, эл көп топтолгон жайлардан алыс болууга, жашап жаткан жерлеринен эч жакка чыкпоону өтүнүп жатат.
Министрлик кыргызстандыктарга консулдук-укуктук мүнөздөгү суроо-маселелер жаралса, төмөнкү телефондор аркылуу биздин дипломаттар менен байланышууга болорун эскертет!
КРнын Алматыдагы башкы консулдугу:
+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов;
+7 777 0371448 Гүлзат Абдурасулова;
+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева;
+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.
КР ТИМдин Консулдук кызмат департаменти
+996 551 312 000 — тез байланыш номери;
+996 555 007 626;
+996 708 52 21 37;
+996 707 989-895;
+996 709 983 465.
Кыргыз Республикасынын Нур-Султандагы элчилиги:
+7 776 124-88-33;
+7 777 4733009.

ТИМ: «Казакстандын элчисине нота тапшырылды»

Бүгүн, 9-январда ТИМдин басма сөз кызматы КР жараны Викрам Рузахунов тууралуу маалымат таратты. Алардын айтымыда, биздин музыкантыбыздын Казакстанда кармалышы боюнча Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Ага министринин орун басары Азизбек Мадумаров Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырып, тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.