Садыр ЖАПАРОВ: «Викрам Рузахунов тууралуу министрликтерге тапшырма бергем, жыйынтыгын күтөлү»

Садыр ЖАПАРОВ: «Викрам Рузахунов тууралуу министрликтерге тапшырма бергем, жыйынтыгын күтөлү»
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы тууралуу пикирин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Мамлекет башчысы төмөндөгүдөй пост калтырды:
— Урматтуу Кыргызстандыктар!
Биз Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардарбыз.
Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат.
Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз.
Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү.

Эрбол СУЛТАНБЕКОВ: «Рузахунов тууралуу тактоо иштери жүргүзүлүп жатат»

Буга чейин президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбеков маалымат берген. Ал буларды айткан:
— Бир катар чет элдик маалымат каражаттарында кыргызстандык жаз музыканты Викрам Рузахуновду Казакстанга митингдерге катышуу үчүн келген делген маалыматтары бизди тынчсыздандырууда.
Азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишенебиз.
Учурда эки мамлекеттин Тышкы иштер министрликтери жана Ички иштер министрлиги аркылуу Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

ИИМдин айтымында…

Бул боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бүгүн, 9-январда маалымат таратты. Алардын маалыматына караганда, КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана «Джаз_Бишкек_Весна» фестивалынын аткаруучу директору болгон. Туугандарынын маалыматы боюнча, ал Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында эле концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Авибилетти 2021-жылдын 16-декабрында сатып алып, Алматы шаарына 2-январда, кечки саат 20:00дө учуп кеткен.
УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин айтымында, Викрам Рузахунов террорист эмес, пианист. Тышкы иштер министрлиги видеого байланыштуу Казакстанга нота жөнөткөн.

Кайрат ПРИМБЕРДИЕВ: «Рузахуновду сабап мойнуна алдырганы видеодон көрүнүп турат»

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.