ВИДЕО — Викрам Рузахунов боюнча ИИМдин жообу. Ырчылар митингге чыгышты!

ВИДЕО — Викрам Рузахунов боюнча ИИМдин жообу. Ырчылар митингге чыгышты!

ИИМ: «Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча тиешелүү чаралар жүргүзүлүүдө»

Казак президенти Токаевдин буйругу менен «террорчуларды жапырт кармоо» операциясы башталганы кармалгандар арасында «чет жактан келгендер да бар» сындуу маалыматтар айтылып, жазылып баштаганы ал жакта иштеп, жашап жаткан миңдеген мекендештерибизди ойлоп түпөйүл болуп отурган баарыбызды казак мамлекеттик Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы бүгүн кечээ жакындагы башаламандыктарга катышкан деп шектелип кармалган, бети-башы көк-ала болуп сабалган адамдын «Кыргызстандан Казакстанга митингге катышуу үчүн келгем» деп көрсөтмө берип жатканын берип ого бетер дүрбөлөңгө салды. Казак ИИМи ал видеодогу жигитти Закир Убуров деген адам деп билдиришкени менен,  жакындары, достору, өнөр адамдары, башка таанып-билгендер ал Викрам Рузахунов экенин, ал андай мүшкүл иштерге барбай турганын айтып биздеги казак элчилигинин жанына митингге чыгышты. Казакстанда жалган жалаа менен кармалып, камалган музыкант Викрам Рузахунов боюнча ИИМ да Рузахуновдун жакындарынан алган маалыматтарга таянып тийиштүү жообун жарыялады.

ИИМдин белгилөөсү боюнча, кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тез барып турган. Жаңы жыл алдында да аны Алматыга концерттик программаларды алып барууга чакырышкан. Ал Казакстанга билетти 2021-жылдын 16-декабрында сатып алган да, 2-январь күнү кечки сегизде Алматыга учуп кеткен. Музыкантты ал жакка апасы Кундузхан Рузахунова небереси Аскат Сериков менен узаткан. Алардын Казакстанда туугандары болбогондуктан, Викрам Казакстандагы концерттик программаларга, музыкалык фестивалдарга чакыруу менен гана барып катышып, келип турган. Андыктан Ички иштер министрлигибиз биздин жарандын кармалышы боюнча бардык жагдайларды тактап, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатыптыр. Жана биздин өлкөгө кирген-чыккан бардык жарандар Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан тыкыр көзөмөлдө деп кошумчалашты.

Митингге чыккан ырчылар: «Викрам Рузахуновга колдонулган манипуляция башка жарандарыбызга колдонулбайт деп ким айта алат?!» 

Жогорудагы дүрбөлөң видео социалдык түйүндөргө чыгар менен Кыргызстанда кыйла нааразычылыктарды жаратты. Интернет колдонуучулар ал кармалган адам белгилүү музыкант экенин, 200 доллар үчүн жалданып митингге барбай турганын айтып чыгышса, ушундай эле пикирлерди айтып белгилүү ырчылар Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая, Ырыскелди Осмонкулов, башка да музыканттар, бир катар укук коргоочулар, жөнөкөй жарандар Казакстандын биздеги элчилигинин алдына Викрам Рузахуновду колдоп митингге чыгышты

Рузахуновго даяр текстти жазып берип окутушкан деп эсептеген Юлия Руцкая Викрамдын «мен жумушсузмун» дегенине таң калганын жана ага сүйлөй турган сөздү чындап даярдап беришкенине ушул жерден толук ынанганын айтып: «Викрам Кыргызстандагы белгилүү, таанымал музыкант. Алматыга 2014-жылдан бери эле тез-тез каттап турат. Дем алыш күндөрү ресторандарда ырдап чыгып жүрөт. Бул анын биринчи эле барышы эмес, андыктан ал жакта болушу таңгалыштуу эмес. Ал адептүү, сабырдуу, интеллигент бала, ичпейт, чекпейт. Аны билгендердин баары анын жөнсүз иштерге аралашпастыгын билишет. Анын айтып жаткандарынан көрүнүп эле турат, абдан сабашкан, араң сүйлөп жатат. Жумушсуз болчумун дегени да чындыкка жатпайт. Ал жумушсуз эмес. Ар бири күнү так белгиленген, эми эле жаңы жылдык кечелердин бардыгына катышкан адам 200 доллар үчүн Казакстанга барды деген бул болбогон кеп» десе, калгандар да Викрамды жакшы билишерин, «табиятынан чыр-чатакты жактырбаган, бул жактан эл топтолгон бир да жерге барбаган баланын болбогон 200 доллар үчүн казак жерине барышы мүмкүн эмес, аны сабап, кагазга жазылгандарды сүйлөтүп алышкан» дешти. 

Андыктан коңшу мамлекет бийлигинен Викрам Рузахуновга боюнча маалыматтык манипуляцияны токтотууну суранып: «Викрам Рузахуновга карата болгон манипуляция — бул башталышы эле болушу мүмкүн. Андан нары дагы көбөйүшү мүмкүн да. Викрамдын ордунда Кыргызстандан конокко барган же мигрант болуп жүргөндөр болуп калышы толук мүмкүн. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге да өздөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана көзөмөлгө алууну айттык» деп, «Казакстандагы соңку окуяларга катышы бар» делип кармалгандар арасында Кыргызстан жарандары бар же жок экенин дыкаттык менен текшерүүнү, Рузахуновду Кыргызстанга алып келүүнү, казак Ички иштер министрлигинин Рузахунов боюнча жалган маалымат таратканына баа берүүнү Казакстан президентинен, биздин акыйкатчы, Жогорку Кеңеш, Тышкы иштер министрлигинен талап кылышты жана ушундай мүнөздөгү кайрылуу катын элчиликтин кабылдамасында да калтырышты. Мындай кайрылуу каттарын биздин Тышкы иштер министрлигине, президентке жана башка да тийиштүү органдарга жөнөтүштү. 

Кайрат ПРИМБЕРДИЕВ: «Викрам Рузахунов жакшы акча табат. Андыктан 200 доллар үчүн митингге чыкканына ишенбейм!»

Мынакей, биздин музыкант балабыз…

Эске салсак,  Казакстандын казак мамлекеттик Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Анда бети-башы көк-ала болуп сабалганы байкалган адам «митингге катышуу үчүн ага белгисиз бирөөлөр 90 000 теңге (болжолдуу 17 500 сом — ред.) сунушташканын, учакка билет алып берип, барганда батирге жайгаштырышканын, ал батирде андан башка Тажикстандан жана Өзбекстандан келген 10дой адам болгонун, тилди билбегендиктен алардын эмне деп сүйлөшүшкөнүн түшүнбөгөнүн, митинг башталганда коркуп катышпаганын, батирге кайтып келип, конуп, кийинки күнү үйгө кетейин дегенде Самсы айлынан кармалып калганын» айтканы баяндалат. (Айрым казак басылмалары Викрам чек арадан казак айылы Самсы аркылуу өтүп кетейин дегенде кармалган деп жазышкан. Самсы Жамбыл районундагы айылдардын бири — ред.).

Азыр бул видео алыскы-жакынкы өлкөлөрдүн баардык ММК беттерине жарыяланып, ар кыл талданып да жатат. Белгилей кетсек, Казакстан ИИМинин соңку күндөрү кармалып жаткандардын арасында «коңшу мамлекеттин жарандары» бар экенин айтканы бар, бирок кайсы мамлекет экенин аташкан эмес. Алардын тастыктоосунда, 300дөй куралданган адамдар өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Бүгүнкү маалыматтар боюнча Казакстандын бардык жеринен 5 миңден ашуун адам кармалып, полицияга жеткирилген.

Кошумчалай кетсек, биздеги расмий маалыматтар боюнча, 100 миңдей кыргызстандык Казакстанда эмгек миграциясында жүрөт. Расмий эмес маалыматтар боюнча алардын саны андан да көп. Жарандарыбыздын көпчүлүгү Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарларында жашап, иштешет.

Андыктан биз дагы, биздин расмий бийлик кармалгандар арасында Кыргызстан жарандары бар же жок экенин дыкат текшерет, Рузахуновду жана непадам ушундай кокустукка кабылган жарандарыбыз чыкса, Кыргызстанга алып келишет, казак Ички иштер министрлигинин Рузахунов боюнча жалган маалымат таратканына баа берет деп ишенебиз…

А биз бул жана башка окуя-жагдайларга, маалыматтарга соңуна чейин дыкат көз салып турабыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

3 thoughts on “ВИДЕО — Викрам Рузахунов боюнча ИИМдин жообу. Ырчылар митингге чыгышты!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.