Юлия РУЦКАЯ: «Рузахуновго даяр текстти жазып берип окутушкан». Дүрбөлөңгө түшүргөн видео

Юлия РУЦКАЯ: «Рузахуновго даяр текстти жазып берип окутушкан». Дүрбөлөңгө түшүргөн видео

 Дүрбөлөңгө түшүргөн видео

Казакстандын казак мамлекеттик Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы бүгүн, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Анда бети-башы көк-ала болуп сабалганы байкалган адам «митингге катышуу үчүн ага белгисиз бирөөлөр 90 000 теңге (болжолдуу 17 500 сом — ред.) сунушташканын, учакка билет алып берип, барганда батирге жайгаштырышканын, ал батирде андан башка Тажикстандан жана Өзбекстандан келген 10 адам болгонун, тилди билбегендиктен алардын эмне деп сүйлөшүшкөнүн түшүнбөгөнүн, өзү кийин коркуп митингге катышпаганын, чыгып кетейин дегенде кармалып калганын» айтканы баяндалат.

Азыр бул видео алыскы-жакынкы өлкөлөрдүн баардык ММК беттерине жарыяланып, ар кыл талданып да жатат. Дүрбөлөң видео социалдык түйүндөргө чыгар менен Кыргызстанда кыйла нааразычылыктарды жаратты. Интернет колдонуучулар ал кармалган адам белгилүү музыкант экенин, 200 доллар үчүн жалданып митингге барбай турганын айтып чыгышса, ушундай эле пикирлерди айтып белгилүү ырчылар Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая, Ырыскелди Осмонкулов, башка да музыканттар, бир катар укук коргоочулар, жөнөкөй жарандар Казакстандын биздеги элчилигинин алдына Викрам Рузахуновду колдоп митингге чыгышты.

Бул митингдин алдында Кайрат Примбердиев ТИМге чукул кайрылуу жасаган:

Юлия РУЦКАЯ: «Викрам Алматыга 2014-жылдан бери тез-тез каттап турат»

Митингге чыккан ырчы Юлия Руцкая Рузахуновго даяр текстти жазып берип окутушкан деп эсептейт.  «Викрам Кыргызстандагы белгилүү, таанымал музыкант. Алматыга 2014-жылдан бери эле тез-тез каттап турат. Дем алыш күндөрү ресторандарда ырдап чыгып жүрөт. Бул анын биринчи эле барышы эмес, андыктан ал жакта болушу таңгалыштуу эмес. Ал адептүү, сабырдуу, интеллигент бала, ичпейт, чекпейт. Аны билгендердин баары анын жөнсүз иштерге аралашпастыгын билет. Анын айтып жаткандарынан көрүнүп эле турат, абдан сабашкан, араң сүйлөп жатат. Жумушсуз болчумун дегени да чындыкка жатпайт. Ал жумушсуз эмес. Ар бири күнү так белгиленген, жаңы жылдык кечелердин бардыгына катышкан адам 200 доллар үчүн Казакстанга барды деген бул болбогон кеп» десе, калгандар да Викрамды жакшы билишерин, «табиятынан чыр-чатакты жактырбаган, бул жактан эл топтолгон бир да жерге барбаган баланын болбогон 200 доллар үчүн казак жерине барышы мүмкүн эмес, аны сабап, кагазга жазылгандарды сүйлөтүп алышкан» дешти.

Денис КОРАБЛЕВ: «Видеодо менин досум музыкант Викрам Рузахунов»

Ал аңгыча Казакстандын айрым маалымат каражаттарында «ал Рузахунов эмес, 32 жаштагы Закир Убуров» деген маалымат чыкты. Алардын андай маалыматты анын жакындары четке кагышты. Закирдин бир тууганы Тахир Юбуров “Азаттыкка” билдиргенине караганда, видеодогу киши анын бир тууганы эмес. Закир Убуров  7-январда жума намазга кеткен боюнча дайынсыз болууда. Закир үй-бүлөсү менен Алматыдагы базарда соода кылып жашачу. Аялы, балдары да азыр анын кайда экенин билишпейт.

«Видеодогу Закир Убуров эмес, Викрам Рузахунов» дейт досу, кесиптештери.

ИИМдин жообу. ТИМ Казакстандын элчисине нота тапшырды

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин бүгүнкү тараткан маалыматына караганда, КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана «Джаз-Бишкек-Весна» фестивалынын аткаруучу директору болгон. Туугандарынын маалыматы боюнча, ал Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында эле концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Авибилетти 2021-жылдын 16-декабрында сатып алып, Алматы шаарына 2-январда, кечки саат 20:00дө учуп кеткен.
Ал эми ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, алар Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Ага министринин орун басары Азизбек Мадумаров Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырып, тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырган.

Президент менен Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү…

Президент Садыр Жапаров Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышы тууралуу пикирин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды берген. Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатканын баса белгилеп, анын жыйынтыгын күтүп жатканын билдирген.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, эртеден бери Викрам Рузахунов тууралуу бардык маалыматты текшеришип, ал террорчу эмес, музыкант экенин билишкен. Ал дагы такталып, териштирилерин билдирди.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

3 thoughts on “Юлия РУЦКАЯ: «Рузахуновго даяр текстти жазып берип окутушкан». Дүрбөлөңгө түшүргөн видео

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.