Сүйүнчү! Биздин музыкант Викрам Рузахунов эркиндикке чыкты! Тосуп алабызбы?

Сүйүнчү! Биздин музыкант Викрам Рузахунов эркиндикке чыкты! Тосуп алабызбы?

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов эркиндикке чыкты. УКМКнын басма сөз кызматынан тастыкталган маалыматына таянып, «Сводка. АКИpress» жазды. Алардын айтымында, Рузахунов бүгүн, 10-январда Кыргызстанга алынып келинет.

 Дүрбөлөңгө түшүргөн видео

Казакстандын казак мамлекеттик Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы кечээ, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Анда бети-башы көк-ала болуп сабалганы байкалган адам «митингге катышуу үчүн ага белгисиз бирөөлөр 90 000 теңге (болжолдуу 17 500 сом — ред.) сунушташканын, учакка билет алып берип, барганда батирге жайгаштырышканын, ал батирде андан башка Тажикстандан жана Өзбекстандан келген 10 адам болгонун, тилди билбегендиктен алардын эмне деп сүйлөшүшкөнүн түшүнбөгөнүн, өзү кийин коркуп митингге катышпаганын, чыгып кетейин дегенде кармалып калганын» айтканы баяндалат.

Дүрбөлөңгө салган видео социалдык түйүндөргө чыгар менен Кыргызстанда кыйла нааразычылыктарды жаратты. Интернет колдонуучулар ал кармалган адам белгилүү музыкант экенин, 200 доллар үчүн жалданып митингге барбай турганын айтып чыгышса, ушундай эле пикирлерди айтып белгилүү ырчылар Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая, Ырыскелди Осмонкулов, башка да музыканттар, бир катар укук коргоочулар, жөнөкөй жарандар Казакстандын биздеги элчилигинин алдына Викрам Рузахуновду колдоп митингге чыгышкан. Анын толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.