МАЕК — РУЗАХУНОВ: «Камерада мени менен бирге 5 кыргызстандык бар болчу. Алар күнөөлүү эмес!» (ВИДЕО)

МАЕК — РУЗАХУНОВ: «Камерада мени менен бирге 5 кыргызстандык бар болчу. Алар күнөөлүү эмес!» (ВИДЕО)

ИИМ: «Викрам Рузахунов Кыргызстанга кайтарылды»

Казакстандагы тополоң тушунда кармалып, камалып калган джаз-музыканты Викрам Рузахунов кечке маал Кыргызстанга кайтып келди. Аны кыргыз-казак чек арасынан — Ак-Жол өткөрмө бекетинен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 10-январда, маалымат таратып, музыкант менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн жана анын ыраазычылык билдирген видеону жайгаштырышты.
ИИМ маалыматында Викрамды кайтаруу боюнча кылынган иш кыска-нуска: «Бир нече маалыматтык агенттиктер массалык башаламандык учурунда Казакстандан кармалган биздин жаран джаз музыканты Викрам Рузахунов абактан кое берилди деп билдиришкен. Кыргыз Республикасынын ТИМнин, ИИМдин жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында Викрам Рузахуновдун кое берүү тууралуу макулдашууга жетишишкен«, — деп жазылган.
Жагдайды өз оозунан уксун деп, В.Рузахуновду үйүнө жеткирердин алдында ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов журналисттерге кыска убакытка интервью уюштуруп берди.

Викрам РУЗАХУНОВ: «Видеодогу көрсөтмөмдүн баары жалган»

Викрам Рузахунов кармалгандан бошонгонго чейинки окуя боюнча журналисттердин түкшүмөл суроолору жыйылып калган эле, бардык суроого жооп бергендей болду.

Адеп Алматыга барып калышынын чоо-жайына токтолду. Айтымында, ал 2-январда Алматы шаарына досунун чакыруусу менен барган. Эки күн өтүп-өтпөй Казакстандын ар кай жеринде митингдер башталганда, досуна чалса, батирден чыкпоону эскерткен. Досун угуп, үч күн чыкпай үйдѳ жаткан, бирок абал улам курчуп, интернет өчүрүлүп, азык-түлүк дүкөндөрү иштебей калганда Кыргызстанга кетүүнү чечкен. 7-январда такси кармап, Алматы-Бишкек жолунда баратканда Самсы айылындагы аскер постунан кармалып, тергѳѳ абагына жеткирилген. Тергѳѳ абагындагы 4 күндѳ аларга эч ким катаал мамиле кылган эмес, тамак, ысык чай беришкен. Акыры биздин бийликтин кийлигишүүсү менен мекенине кайтып келип отурат. «Ушул убакытка чейин ѳз элине ар бир уулу кандай кымбат экенин сезбеген экем, ушунда абдан сездим» деген Викрам бардык бийлик ѳкүлдѳрүнѳ, ИИМ, Кыргызстандын Казакстандагы башкы консулдугу, УКМК, ИИМдин Казакстандагы ѳкүлчүлүгүнѳ ѳз жарандарына кам кѳрүп жатканына, ушундай иш-аракеттерди кылганына ыраазычылыгын айтты.

Кечээ казак мамлекеттик каналдарынан кѳрсѳтүлүп, интернет айдыңына тарап баарыбызды дүрбѳлѳңгѳ салган камера алдындагы кѳрсѳтмѳсү болсо, камерада чогуу отурган балдардан «видеого акча сунушташкан, митингге катышканы келгем сыяктуу күнөөңдү мойнуңа алып сүйлөсөң, Бишкекке экстрадиция кылышат экен» дегенди уккандан улам жаралган амал болгон. «Менин ким экенимди жакшы билгендер бар, ал айткандарымды кылбаганымды жакшы билишет, андыктан үнүм жетип, жардамы тиер» деп жалган айтууга барган. “Видеодо берген көрсөтмөмдүн баары жалган. Калп айтканым Кыргызстанга тезирээк кайтып келүүнүн оңой жолу болчу. Камерадан укканымды пайдаланайын дедим. Күнөөң дү моюнга ал деген мажбурлоо да, эч кандай уруп-сабоо, кыйноо да болгон жок. Бетимдеги кѳгала тактарды, Самсы айылында аскерлер, кимдигиңди, эмне кылып жүргѳнүңүдү түшүндүртүп отурмак беле, катуу күч колдонуп кармашты, ошондо алдым. Тандап-тескеп отурушкан жок, казакстандыктарды, Тажикстан, Ѳзбекстан жарандары, баарын кабат эле кармап жатышты. Камерага камашканда, ал жерде менден башка 5 кыргызстандык бар болчу. Айрым маалыматтар боюнча, алардын деле эч айыбы жок, эртең дерде аларды да бошотушат. Бул багытта Ички иштер министрлиги тарабынан азыр олуттуу иштер улантылып кылынып жатат. Эми мен ѳз жеримде кенен дем алып, үйгѳ келгениме абдан кубанычтамын. Аз убакыт ѳзүмѳ келип алайын, билесиздер, 17 жыл катары менен джаз фестивалын ѳткѳрүп келебиз, бул багытта иштер кылынып жатат, ѳз ишибизди улантабыз» — деп айласыздан жалган айтуу менен өзү  жараткан резонанстын артынан жасалган реакция, иш-аракеттерден улам мекенине кайткан Викрам орган кызматкерлеринин коштоосунда, милициянын унаасы менен үйүнө, туугандары менен көрүшкөнү узап кетти..

ТИМдин билдирүүсү…

Ушул эле күнү Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын, ал маселе боюнча эки тараптуу иштер аткарылып жатканын билдирди. Анын айтымында, Нур-Султан, Алматы, Бишкек шаарындагы ыкчам жардам берүүчү топторго 2-январдан бери миңдей кыргызстандык жардам сурап кайрылган. Андыктан жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө.

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеевдин «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, Алматыдагы башаламандыкта каза болгондор арасында кыргыз жараны бар. Ал — Алматыда фитнес-машыктыруучу Азиз Мусаев. Маркумдун сөөгүн алып келүү боюнча да элчиликтин кызматкерлери иштеп жатат дешти…

Дүрбөлөңгө түшүргөн видео..

Эске салсак, Казакстандын казак мамлекеттик Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Анда бети-башы көк-ала болуп сабалганы байкалган адамдын «митингге катышуу үчүн ага белгисиз бирөөлөр 90 000 теңге (болжолдуу 17 500 сом — ред.) сунушташканын, учакка билет алып берип, барганда батирге жайгаштырышканын, ал батирде андан башка Тажикстандан жана Өзбекстандан келген 10 адам болгонун, тилди билбегендиктен алардын эмне деп сүйлөшүшкөнүн түшүнбөгөнүн, өзү кийин коркуп митингге катышпаганын, чыгып кетейин дегенде кармалып калганын» айтып жатканы баяндалган болчу.

Анан эле бул видео социалдык түйүндөргө чыгар менен интернет айдыңын дүрбөлөңгө салып, Кыргызстанда кыйла нааразычылыктарды жаратты. Интернет колдонуучулар ал кармалган адам белгилүү музыкант экенин, 200 доллар үчүн жалданып митингге барбай турганын айтып чыгышса, ушундай эле пикирлерди айтып белгилүү ырчылар Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая, Ырыскелди Осмонкулов, Жийдеш Идирисова башка да музыканттар, бир катар укук коргоочулар, жөнөкөй жарандар Казакстандын биздеги элчилигинин алдына Викрам Рузахуновду колдоп митингге чыгышкан. Анын толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Жогоруда Викрам Рузахунов айткан камерадагы 5 кыргызстандык, дегеле капысынан кармалып, камалган жарандарыбыз дагы жакын арада Кыргызстанга кайтып келишет деген ишенимдебиз…

One thought on “МАЕК — РУЗАХУНОВ: «Камерада мени менен бирге 5 кыргызстандык бар болчу. Алар күнөөлүү эмес!» (ВИДЕО)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.