Алматыда камалган 4 баланын аты-жөнү такталганын консул билдирди. Алар кимдер?

Алматыда камалган 4 баланын аты-жөнү такталганын консул билдирди. Алар кимдер?

Бүгүн, 11-январда, Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов тополоң тушунда камалган төрт кыргызстандык жаран бошотуларын, алардын саламаттыгы жайында экенин, тек-жайы такталганын билдирди. Тополоңдорго шек саналып 1990-жылы туулган Закир Юбуров, 1991-жылкы А.Хуров, 1987-жылкы И.Мачо жана 2001-жылкы А.Джиншанлону камалган…

Викрам Рузахуновду Закир Юбуров дешти эле… Закир Юбуров, ал ким?

Белгилей кетсек,  Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кечээ Кыргызстанга кайтып келди. Ал жактан келелекте, казактын ИИМи аны алгач Закир Юбуров деш чаташтырышкан. Казакстандын айрым маалымат каражаттарына да «Видеодогу Рузахунов эмес, 32 жаштагы Закир Убуров» деген маалымат чыккан. Бирок ал маалыматты Убуровдун жакындары төгүндөп, бир тууганы Тахир Юбуров видеодогу айыбын мойнуна алып жаткан бала анын бир тууганы Закир Убуров эместигин, бирок ал дагы 7-январда жума намазга кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан. Тахир Юбуровдун тастыктоосу боюнча, Закир 1,5 жылдан бери үй-бүлөсү менен Алматыда жашап, «Байсат» базарында идиш сатчу. Акыркы жолу 7-январда жума намазга баратып байланышып, намаздан кийин Кыргызстанга — ата-энеси, бардык жакындары жашаган Ивановка айылына келмекчи болгон. Бирок аны жолдогу блокпосттон кармап алышканын SMS-билдирүү менен таанышына жөнөткөн. «Ошондон бери байланышка чыга элек. Аны эч  негизсиз эле кармап алышты. Закир 1,5 жылдан бери Алматыда базарда иштейт. Башаламандыктарга катышышы мүмкүн эмес. Биз парламент депутаты Бахридин Шабазовго Закирди бошотууга жардам берүүнү суранып кайрылдык. Бирок ал анык бир жооп берген жок», — деп бир тууганы Тахир Юбуров кечээтен бери айтып жаткан болчу. Айтымында, Закирдин кайда экенин аялы, балдары да билишпей жаткан.

Ал эми «кармалган Закир Убуров эмес, ал белгилүү музыкант Викрам Рузахунов, ал жөнсүз иштерге аралашпайт, жалданып акчага бармак түгүл, бул жакта топурап эл чогулган жерлерге барчу эмес, саясатты сүйлөмөк түгүл, бир жерге андай-мындай деп жарандык позициясын билдирип жазганын окуган да, көргөн да эмеспиз, анын бардык иши, жан-дүйнөсү бир гана музыка болчу» деп музыканттын достору, кесиптештери чырылдап митингге чыгып, «казак бийлиги маалыматтык манипуляцияны токтотсун» деп кайрылуу каттарды казак элчилигине, биздин тийиштүү органдарга жолдоп, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, ТИМ, ИИМ да ыкчам билдирүүлөр менен чыгып, бардык мыйзамды иш-аракеттерди жасап виртуоз пианист, джазмен музыкантты кечээ мекенибизге кайтарып алып келишти.

Викрам Рузахунов келери менен бардык жагдайды журналисттерге айтып берген, аны бул видеодон көрсөңүздөр болот…

Тактай кетчү нерсе, Викрам «Камерага камашканда, ал жерде менден башка 5 кыргызстандык бар болчу. Айрым маалыматтар боюнча, алардын деле эч айыбы жок, эртең дерде аларды да бошотушат» деп, бирок алар кимдер, жаш балдар-кыздарбы же улуурактарбы, аттары кандай айткан эмес, журналисттер да тактап сурашпаптыр. Жогорудагы Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов айтып жаткан төрт жаран Викрам айткандарбы, бул да так эмес… 

Эскерте кетсек, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да буга чейин Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирип, бул тууралуу казак тарапка нота жөнөткөн. Ошондой эле, кечээ, 10-январда, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеевдин «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, Алматыдагы башаламандыкта каза болгондор арасында кыргыз жараны бар. Ал — Алматыда фитнес-машыктыруучу Азиз Мусаев. Маркумдун сөөгүн алып келүү боюнча да элчиликтин кызматкерлери иштеп жатат дешкен…

Айтарыбыз, Викрам кабылган жагдай боюнча кылынган ыкчам аракеттер, башка камкордуктар бардык жарандарыбызга көрсөтүлөт деген ишенимдебиз… 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.