Казакстандын премьер-министри болуп Алихан Смаилов дайындалды

Казакстандын премьер-министри болуп Алихан Смаилов дайындалды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөт башчы кызматына Алихан Смаиловдун талапкерлигин парламентке сунуштады. Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин аны 89 депутаттын баары бир добуштан колдогонун билдирди.

Смаилов 5-январдан тартып өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан. Ага чейинки өкмөт башчы Аскар Мамин Казакстандагы соңку тополоңдого байланыштуу кызматтан алынган.

49 жаштагы Алихан Смаилов 2018-жылдын сентябрь айынан 2019-жылдын февраль айына чейин каржы министри болуп иштеген. 2019-жылы 25-февралда Казакстан президентинин жарлыгы менен премьер-министрдин биринчи орун басары – каржы министри болуп дайындалган.

Бүгүн, 11-январда өкмөттүн жаңы курамы жарыяланары күтүлүүдө. Президенттин маалымат катчысы Берик Курмангали өлкө башчысы кимди калтырып, кимди кетирерин өзү чечерин билдирди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.