Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева элчи Шандор Дорогини кабыл алып, борборго чакырды

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева элчи Шандор Дорогини кабыл алып, борборго чакырды

Бүгүн, 11-январда Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Венгриянын Кыргызстандыга элчиси Шандор Дороги менен жолукту. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инновациялар жана стартап экосистемасын өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашкан.

Кыргызпатенттин директору жалпы инновация, анын ичинен инновацияга багытталган аймактагы жаштарды окутуу боюнча кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштап, Венгриялык адистердин катышуусунда Кыргызстанда инновациялык ишмердикти жайылтуу боюнча иш-чараларды уюштуруу маселесин ортого салды. Дороги Венгрияда инновациялар маселесин Инновациялар министрлиги карай тургандыгын баса белгилеп, дал ушул тармактагы кызматташтык Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыты болуп калышы мүмкүн экендигин билдирди.

Жолугушуунун аягында Рахат Керимбаева элчини Кыргызпатенттин Инновациялык борборуна келип кетүүгө чакырды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.