Токаев: «ЖККУнун аскерлери эки күндөн кийин чыгарыла баштайт»

Токаев: «ЖККУнун аскерлери эки күндөн кийин чыгарыла баштайт»

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында келген жоокерлери эки күндөн кийин кете баштарын, бул жараян жалпысынан 10 күнгө созуларын билдирди. Мындай маалыматты ал бүгүн, 11-январда парламенттин төмөнкү палатасы — Мажилисте сүйлөп жатып билдирген. Анда ал уюмдун аскерлеринин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айткан.

Кыргызстан 7-январда Казакстанга 150 жоокер жөнөткөн. Алар Алматы шаарындагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатканы белгилүү болгон.

Буга чейин ЖККУнун атынан Казакстанга жөнөтүлгөн күчтөрдүн командири Андрей Сердюков уюмдун аскерлери Алматы менен анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди «көзөмөлдөп» жатканын билдирген. Ошондой эле алар Казакстандагы кырдаал толук жөнгө салынганча болорун айткан.

Токаев кечээ, 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты «мамлекеттик төңкөрүш аракети» атаган. Тополоңордорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды «террорчулар» деп айткан.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган.

Азырынча тополоңдордо канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун ырастаган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Токаев: «ЖККУнун аскерлери эки күндөн кийин чыгарыла баштайт»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.