Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9,8 млрд куб метрге азайды

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9,8 млрд куб метрге азайды

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11-январга карата 9,8 млрд куб метрди түздү. Бул соңку жылдардын ушул мөөнөтүндөгү эң төмөнкү көрсөткүч.

Бир жыл мурун ушул маалда суу сактагычта 11,7 млрд, 2019-жылы 14,5 млрд куб метр суу болгон.

2021-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан акыркы жылдардагы эң ири энергетикалык каатчылыкка кептелген. Ноябрдын соңунда энергетика министри Доскул Бекмурзаев электр кубатын пайдалануу өсө турганы эске алганда, 2022-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд куб метрге чейин азая турганын айткан. Андан дагы төмөндөсө ГЭС иштебей калышы ыктымал.

Өлкөдө электр кубатын пайдаланууна чектөө киргизилип, абоненттер арасында рейддер жүргүзүлүүдө. Улуттук энергохолдинг маал-маалы менен жашоочуларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.