ВИДЕО — КАЗАКСТАН: «Баласының денесін мәйітханадан ала алмай жүр»…

ВИДЕО — КАЗАКСТАН: «Баласының денесін мәйітханадан ала алмай жүр»…

ЖККУ жыйыны: кимдер катышты, эмнелер айтылды?

Кечээ, 10-январда, боордош казак жеринде аза күтүү күнү жарыяланган. Дал ушул күнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) лидерлери онлайн-жыйынга чогулушту. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусия президенти Владимир Путин, Беларусь президенти Александр Лукашенко, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинде төрагалык кылып жаткан Армения премьер-министри Никол Пашинян,  Кыргызстан президенти Садыр Жапаров кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө чыкканына байланыштуу анын ордуна Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышты.

Буга чейинки кайрылууларынан, айткандарынан кайтпаган Токаев бул жыйында да суюлтулган газ баасынан кескин кымбатташына  нааразы болуп чыгып, кийин катары калыңдап кеткен элди «террорчулар» деп атап, ага катышкандар чет өлкөлүк жарандар экенин да баса белгилеп,  «мамлекеттик төңкөрүш аракети», “агрессия” болгонун дагы кайталап билдирди.

Айтмакчы, ЖККУ боюнча союздаштардын биргелешип сүйлөшүү, жолугушуу сунушу менен Владимир Путинге Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кайрылган, ошол өтүнүч менен ЖККУнун онлайн-жолугушуусу болуп өткөн…

ТОКАЕВ: «Террористтер моргго кол салып, өздөрүнүн адамдарынын сөөгүн алып чыгып кетип жатышты»

Буйрук менен диний радикалдар, бандиттер, мародерлер жана майда бейбаштар пайда болуп, куралдуу согушкерлер ишке киришти. Алардын башкы максаты — Конституциялык түзүлүштү бүлүндүрүү, башкаруу институттарын талкалоо жана бийликти басып алуу болчу. Кеп мамлекеттик төңкөрүш аракети жөнүндө жүрүп жатат», — деген Токаев, «согушкерлер өнөктөштөрүнүн сөөгүн түн ичинде моргдорго кол салып, майдан талаасына да калтырбай алып чыгып кетишкен, муну менен алар артына из калтырбай тазалап жатышканын» да айта кетти. Ал айткандарын бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Баласынын сөөгүн моргдон ала албай сыздаган эне…

Ал бирок Казакстандагы соңку жагдай боюнча чыгып жаткан маалыматтык тасмаларда карапайым элдин айткандары такыр башка. Аларды угуп, бооруң ооруйт, жүрөгүң сыздайт. «Баламды издеп жүрөм. Бул жакта же тигил жакта да жок дешет. Каякта экенин билбей жатам» деп чыркырап издегендер толтура. Бул видеодо 5-январдан бери моргдон баласынын сөөгүн ала албай сыздаган эненин ыйы…

Бул апа — Курманкүл Стамбекова, бүгүн балдарын жоктоп боздоп отурган көп энелердин бири. 5-январда набыт болгон уулунун сөөгүн өлүкканадан алалбай жүргөнүн айтып сыздап жатат. Жакындарынын сөөгүн алып кеткени келгендер кезекке жазылышкан. Курманкүл апа жазылган 226-кезек келгенинен келген. Бирок апанын алдындагы тээ 192-кезектегилер жакындарынын сөөгүн алалбай жатышыптыр…

Белгилей кетчү нерсе, өлүккананын алдында Алматыдагы башаламандык учурунда каза болгондордун эле эмес, ар кыл башка жагдайларда каза болгондордун да жакындары турушат.   

Айтымында, казак Адилет министрлиги башаламандык башталгандан бери өлүкканага канча адамдын сөөгү келгени боюнча эч кандай маалымат жарыялаган эмес. Басма сөз кызматы болсо, өлкө боюнча канча адамдын сөөгү алынып келингенин өзгөчө кырдаал аяктагандан кийин гана жооп беребиз дешкен.

Негизи Алматыдагы чоң морг алдында жогорудагы видеодогудай күн сайын адамдар толтура экен. Кай бири жакындарын таанууга келсе, кай бири жакындарынын сөөгүн алып кеткени келишкен. Жакындарын издегендердин көбү издеген адамдарын өлүкканадан таап жатышыптыр. Курманкүл апа уулу дайынсыз кеткенде эле 1414 номерине чалып, баласынын аты-жөнүн эки жолу каттаткан…

36 жаштагы Турар Арыстанкуловдун артында 4 баласы, жубайы калган…

Жакындарынын дайынын эч бир жактан биле албай жаткандар болсо, илгери үмүт менен «ушундай адамды издеп жатабыз» деп жазылган кагаздарды моргдун жанына да илип коюп жатышыптыр…

Казак элинин толкуну эмнеден башталып, эмне болуп уланды?

Нааразычылык акциясы Казакстандын Мангыстау облусундагы мунай калаасы Жаңы-Өзөндө 2-январда башталган. 31-декабрда 100 теңге турган суюлтулган газ баасы бир түндө — 1-январда 120 теңге (23, 9 сом) болуп кескин кымбатташына нааразы эл борбордук көчөлөрдүн бирин жол кыймылын токтотуп тосуп, газ баасын 50-60 теңгеге түшүрүү талабын коюшкан.

Бирок Казакстан энергетика министрлиги менен облустук бийлик өкүлдөрүнүн бул талап орундалышы мүмкүн эместиги айтылган «Азыр биржада бир литр газ 70-85 теңге, бул газды ташуу операциялык чыгымдарды кошпогондогу сумма. Мурдагы 60 теңгелик бааны кайтаруу мүмкүн эмес» деген билдирүүсү кошумча болуп, Жаңы-Өзөндөн башка да газ баасы эки эсе кымбаттаган Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында да эл нааразылыгы башталып, толкундоолор жанданып, 4-январда күчөп, 5-январга караган түнү Алматы шаарында күч органдары менен элдин ортосунда кагылышуулар да болгон.

Ошол күнү эртең менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, Коопсуздук кеңешин эми Нурсултан Назарбаев эмес, өзү жетектей турганын, эч жакка кетпестигин, эл менен болорун айтып эки жолу элге кайрылып, бирок көп узабай Коопсуздук кеңеш жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү башаламандыкты токтотуп, тартипти орнотуу максатында деп Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сурап кайрылды. Ал кайрылуусунда өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия», «чет жактан олуттуу даярдыктан өткөн террорчулар уюштуруп жатат» деп баалап да жиберген эле…

7-январда, мамлекеттик телеканалдар аркылуу элге кайрылуу жасап, өлкөдө антитеррордук операциялар уланып жатканын айткан. Террорчулар мамлекеттик, жеке менчик мүлктөргө зыян келтирип жатканына байланыштуу укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин билдирген. «Бандиттерди, террорчуларды жок кылыш керек, бул жакын арада толук аткарылат!» деген эле Токаев.

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

«Алакан» сайты Казакстандагы башаламандык учурунда жазыксыз окко учуп, ар кандай  кырсыктап көз жумган казак боордошторубуздун жакындарына, ата-энелерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Баарыңыздарга сабыр тилейбиз…  

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.