Өзбекстанда журналисттерге жана блогерлерге Казакстандагы окуяларды чагылдырууга тыюу салынууда

Өзбекстанда журналисттерге жана блогерлерге Казакстандагы окуяларды чагылдырууга тыюу салынууда

Өзбекстанда коңшу Казакстандагы окуяларды кез-кез чагылдыра калган айрым блогер, журналисттер укук коргоо органдарына чакырылганын билдириши. Аларга “бул темада аз жазууну”, “видеолорду таратпоону”, “митингдерге чакырбоону” эскертишкен.

Атын ачыктагысы келбеген блогердин бири тыюу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынан түшүп жатканын айткан.

– Бизде кырдаалды дагы курчутуп жибербөө үчүн Казакстандан келген видео жана аудиолорду жайгаштырууга тыюу салышууда. Бул бейрасмий буйрук! Мен өз каналыма Казакстандагы талоончулук боюнча 2-3 видеоролик жайгаштыргам. Кийин мага Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинен чалып, ал видеороликтерди өчүрүүнү жана мындан ары жайгаштырбоону айтышты, – дейт ал блогер.

Мындан башка да бир катар активисттер Казакстандагы окуялар боюнча жазылган пост жана комментарийлер үчүн жашыруун профилдерден коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын кабарлашты. Соцтармактардын активдүү колдонуучуларынын бири  “Өзбектер качан ойгонот?!” деген аталышта пост жазганы үчүн ички иштер органдарына чакырылган.

– Бул пост үчүн мага: “Мындай коркунучтуу нерсе жазбаңыз, казактар жөнүндө жазбаңыз, акырын жүрүңүз” деп айтышты. Андан соң тилкат жаздырып алышты. Казакстандагы окуяларды чагылдырбоого милдеттенме алып, жоопкерчилик тууралуу эскертүү алганымды жазып бердим. Бир сөз менен айтканда мага түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, – дейт ал.

Өзбекстандагы борбордук басылмалар, радио жана телеканалдар дагы Казакстандагы башаламандыктар тууралуу чектелүү гана маалыматтарды берип жатышат…

Борбордук Азия жаңылыктар кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.