Казакстанга кеткен жоокерлерибиз эртең, 14-январда Кыргызстанга кайтып келет

Казакстанга кеткен жоокерлерибиз эртең, 14-январда Кыргызстанга кайтып келет

Эртең, 14-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Алматыга кеткен жоокерлерибиз кайтып келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, 7-январда Кыргызстан Казакстанга 150 жоокер Казакстанга жөнөткөн. Тагырагы, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен «Скорпион» атайын бөлүгүнүн 150 офицери, брондолгон 19 техника Кант авиабазасынан учуп кетишкен…

Биздин жоокерлерибиз Алматыдагы стратегиялык объектилердин бири — Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатканы белгилүү болгон.

ТОКАЕВ: «Чет өлкөлүк аскерлердин негизги миссиясы аяктады»

Казакстанга ЖККУнун эки миңден ашуун жоокери 250 аскер техника менен барган. 11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чет өлкөлүк аскерлердин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айтып, жоокерлер эки күндөн кийин кете баштарын билдирген.

Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону боюнча так маалымат жок. Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун казак тарап жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза болгонун билдирип, көп өтпөй аны «техникалык ката» деп төгүндөгөн.

Газ баасын арзандатуудан башталган акциянын аягы эмне болду?..

Нааразычылык акциясы Казакстандын Мангыстау облусундагы мунай калаасы Жаңы-Өзөндө 2-январда башталган. 31-декабрда 100 теңге турган суюлтулган газ баасы бир түндө 120 теңге (23, 9 сом) болуп кескин кымбатташына нааразы эл борбордук көчөлөрдүн бирин жол кыймылын токтотуп тосуп, газ баасын 50-60 теңгеге түшүрүү талабын коюшкан.

Бирок Казакстан энергетика министрлиги менен облустук бийлик өкүлдөрүнүн бул талап орундалышы мүмкүн эместиги айтылган «Азыр биржада бир литр газ 70-85 теңге, бул газды ташуу операциялык чыгымдарды кошпогондогу сумма. Мурдагы 60 теңгелик бааны кайтаруу мүмкүн эмес» деген билдирүүсү кошумча болуп, Жаңы-Өзөндөн башка да газ баасы эки эсе кымбаттаган Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында да эл нааразылыгы башталып, толкундоолор жанданып, 4-январда күчөп, 5-январга караган түнү Алматы шаарында күч органдары менен элдин ортосунда кагылышуулар да болгон.

Ошол күнү эртең менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, Коопсуздук кеңешин эми Нурсултан Назарбаев эмес, өзү жетектей турганын, эч жакка кетпестигин, эл менен болорун айтып эки жолу элге кайрылып, бирок көп узабай Коопсуздук кеңеш жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү башаламандыкты токтотуп, тартипти орнотуу максатында деп Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сурап кайрылды. Ал кайрылуусунда өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия», «чет жактан олуттуу даярдыктан өткөн террорчулар уюштуруп жатат» деп баалап да жиберди…

«Биз карапайым калкпыз. Биз — террорист эмеспиз!»

Боордош казак эли президенти Токаевдин айткандарын четке кагып, «Биз карапайым калкпыз. Биз — террорист эмеспиз!» деп плакаттарга жазып алып, жолдо, талаада зар какшап айтып турушат…

30 жылдан бери чыдашканын, акыры жарылышканын да айтып чыгышууда…

Маалымат үчүн: ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.