Бурул КАЛЧАБАЕВА: «Файзиев 100 гектарын кытайларга бергиси келсе, эл 100 кадам да жер бербейт!»

Бурул КАЛЧАБАЕВА: «Файзиев 100 гектарын кытайларга бергиси келсе, эл 100 кадам да жер бербейт!»
Учурда Ысык-Көл облусуна «Асман» шаарын куруу боюнча долбоору социалдык тармактарда катуу талкууланууда. Жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү драматург Бурул Калчабаева  «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды.

Бурул КАЛЧАБАЕВА: «Асман» шаарын курабыз дегендин өзү — акылсыздык!»

Көлдө мурун чоң-чоң шаарлар болгон деп жазгандарды окудум. Ал доор менен азыркы мезгилдеги шаарлардын масштабын элестетүүнүн, салыштыруунун өзү абсурд!
Ьиринчиден, көлдө Чигу, Сары-Булуң, Барскоон шаарлары турган кезде, КӨЛ болгон эмес. Өрөөн «Долина красных цветов» деп аталган.
Кийин Көл пайда болгон. Бая жомоктогудай. Кудуктун оозун жаппай коюп, суу каптап кеткен. Чынында бир алааматтан, жаратылыштын Сыр көрсөтүүсүнөн, балким тектоникалык кыймыл…
Туугандар! Ысык-Көлдөн бир дагы суу агып чыкпайт. Ушунусу менен уникалдуу.
Мөңгүлөр эрип азайып баратат. Эрибегенин өзүбүз кертип-кесип, алтын казып жок кылуудабыз. Демек, бара-бара көлгө куйган суу да азаят.
Ушунун баарын билип туруп, «Асман» шаарын курабыз дегендин өзү — акылсыздык!
«Асман» шаарыңар — Америкадагы Детройттун кебетесин кийет кийин. Көл, көлдүн эли эле эмес, Ысык-Көлдү карегибиздей сактайбыз деген кыргыз эли мындай афераны кечирбейт!
Файзиев 100 гектарын кытайларга бергиси келсе, эл 100 кадам да жер бербейт!
Каршыбыз!

Балбак ТҮЛӨБАЕВ: «Жергиликтүү элдин пикири өтө маанилүү, алардын уруксаты керек!»

Буга чейин Жогорку Кенештин депутаты Балбак Түлөбаев да каршылыгын билдирген. Анда ал Улуттук деңгээлдеги долбоорлор жалпы элдик талкууга коюлуп, анан гана башталышы керектигин баса белгилеген. Аны бужердеги ШИЛТЕМЕден окунуз!
Белгилей кетсек, «Асман» шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп жеке ишкер Тимур Файзиев 100 гектар жерге Кытай ишканаларын, ресторан, мейманканаларды, б.а. «Чайна Сити» шаарчасын салууга болорун билдирген ВИДЕО тараган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.