Милиция кызматкерлери тууралуу министр Улан Ниязбековдун дарегине кат келген. Анда эмне жазылган?

Милиция кызматкерлери тууралуу министр Улан Ниязбековдун дарегине кат келген. Анда эмне жазылган?
Уурулукту алдын алышкан милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жакында ички иштер министри Улан Ниязбековдун дарегине Бишкек шаарынын тургуну Усеин Арыпбековдон Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттерине ыраазычылык билдирген кат келген.
Катта мындай деп жазылган:
Урматтуу Улан Омоканович! Мен, Арыпбеков Усеин Шамшидинович, Бишкек шаарынын Свердлов районунун тургуну Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт бөлүмү менен 2014-жылдын июнь айынан бери кызматташып келем. Мага тиешелүү болгон “Бата” эс алуу борборуна дүрбөлөң баскычын дагы орнотуп койгонбуз.
2021-жылдын 29-декабрынан 30-декабрга караган түнү саат 03:10до ишканага орнотулган видеокамерадан чөнтөк телефонума СМС кабар келип, короого чоочун кишилер киргендигин көрдүм. Видеокамерадан байкасам чоочун кишилер уурулук жасоого аракет кылып жаткандыктан, ошол замат келишим боюнча милиция кызматкерлерин жардамга чакыруу үчүн дүрбөлөң баскычын бастым. Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн милиция кызматкерлери тез арада жетип келип, кылмышкерлердин изин суутпай, каршылык көрсөткөнүнө жана качып кетүүгө аракет кылганына карабастан кылмышкерлерди колго түшүрүп, Свердлов РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришти.
Сиз жетектеген, элдин тынч жашоосун камсыз кылган, кыргыз эли үчүн дайым кызмат кылган жана элдин бейпилдиги үчүн өзүнүн каны-жанын аябай кызмат өтөп келе жаткан милиция кызматкерлерине, өзгөчө кызматтык милдеттерин жооопкерчиликтүү, сапаттуу, так аткаргандыгы жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон зор салымы үчүн Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын прапорщиги Ислам Осорбаевге, милициянын страшинасы Нурсултан Бактыбековго жана милициянын ага сержанты Нурсултан Арыкбаевге үй-бүлөмдүн жана жеке өзүмдүн атыман алкыш айтып, ыраазычылык билдирем.
Ушул жигиттердей кыргыз элинин тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн кылмышкерлердин жолун бөгөп, башын көтөртпөгөн кайраттуу, тайманбас, эр жүрөк, жоопкерчиликтүү жана адилеттүү кызматкерлериңиз көбөйө берсин.
Жеке өзүңүзгө жана Сиздин кол алдыңызда иштеген жалпы милиция кызматкерлерине чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!

ИИМдин билдирүүсү…

«Биздин милициянын биримдиктүү, натыйжалуу жана сапаттуу иши менен мамлекеттин туруктуулугу, адамдардын бейпилдиги, коомдук коопсуздук бекем сактала тургандыгын терең түшүнүшүбүз зарыл. Милициянын ишинин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири бул элдин милицияга болгон ишеними. Аны тартип сакчылары күжүрмөн жана мыйзам чегиндеги эмгеги менен көрсөтүшү керек.
Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин иши жөнүндө коомчулуктун бардык ой-пикирин жогору баалайт жана кол алдындагы кызматкерлеринин дарегине айтылган жылуу сөздөргө терең ыраазычылыгын билдирет. Ошону менен бирге ИИМдин жетекчилиги ар бир милиция кызматкеринен өзүнө тапшырылган иштерди так жана кынтыксыз аткарууну, жарандарга үлгүлүү мамиле кылууну жана коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулуктун бетин ачууда мыйзам чегинде гана иш алып барууну дайыма талап кылат» деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.