Мурат БОРОНОВ, полковник: «Коомдо адам өмүрүнөн маанилүү эч нерсе жок!»

Мурат БОРОНОВ, полковник: «Коомдо адам өмүрүнөн маанилүү эч нерсе жок!»
Бүгүн, 13-январь күнү Баткен облусунун аймагында кызмат өтөп жаткан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлерине жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын болуп өттү. Жыйынга Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов катышып, жол коопсуздугу боюнча бир катар тапшырмаларды койду. ИИМнин ЖКККББдан келген кызматкерлер милициянын полковниги Өткүр Умаров, милициянын полковниги Байыш Ашырбеков, милициянын полковниги Талант Досов катышып, ар бир район, шаарларда аткарылган иштердин жыйынтыктарын укту.
2021-жыл ичинде облус аймагында 339 жол унаа кырсыгы катталып, 46 жаран каза болуп, 581 жаран денесинен ар кандай жаракат алып, ооруканага кайрылган. Ал эми жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын саны-85, каза болгондор-5, денелеринен ар кандай жаракат алгандар-110.
Негизинен жол кырсыгы Кадамжай, Кызыл-Кыя аймактарында көп катталып, тийиштүү жетекчилер тартиптик жазага кириптер болду.
Мурат Боронов: “Коомдо адам өмүрүнөн маанилүү эч нерсе жок, ошондуктан ар бир жол сакчылары тиешелүү деңгээлде иш алып барышы зарыл. Тартип, коопсуздук мыйзамдары сакталмайынча, өлкөдө өнүгүү болбойт”,-деп, ар бир район, шаардагы ЖКККБнын начальниктерине жол кырсыгын азайтуу боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү, жол кырсыгын алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу тапшырмасын берди.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.