Мурдагы депутат Карганбек Самаков акталды. Мүлктөрү да камактан чыгарылды

Мурдагы депутат Карганбек Самаков акталды. Мүлктөрү да камактан чыгарылды

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду Бишкек шаардык соту актаганын «Азаттык» жазып чыкты. Алардын айтымында, экс-депутаттыр мүлктөрү да камактан чыгарылган. Өткөн жылдын башында Жогорку сот Самаковго чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберген.

Эске сала кетсек, Карганбек Самаков жана башка адамдарга кылмыш иши 2015-жылы 14-майда козголгон. Аларга “2008-жылы Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган” деген айып тагылган.

2017-жылы 19-декабрда, Октябрь райондук соту 10 жылга кескен. Экс-депутат баласы экөөнө тагылган айыптарды четке кагып, трансформацияланган жерди төртүнчү болуп сатып алганын баса белгилеп, өзүнө коррупция боюнча коюлуп жаткан дооматтарды негизсиз деп, соттордун чечимдерин четке кагып келген.

Анын тарапкерлери ал кезде Самаков кызматта болбогонун, коррупциялык схеманы уюштурууга ыйгарым укугу жоктугун жүйө келтиришкен. Баласы Аман Самаков да сотто бир да далил келтире албагандарын баса белгилеп, атасын каралап жатышканын айткан.

2019-жылы жазында мунапыс жана тергөө абагында отурган күндөрүнүн эсебинен Карганбек Самаков түрмөдөн бошотулган.

Аман Самаковдун архивдеги маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.